Айпери: «Сүйгөнүм, мени кечир…»

«Бул дүйнөдө сүйүүсүз турмуш куруу мүмкүн эмес. Ооба, сүйүү – бул жүрөктүн түпкүрүндө жашаган бир сезим. Мен да эл катары өмүрүмдө бир жигитке ашык болуп, акылымдан адаша сүйүп жүрөм. Сүйгөнүм, мен сенин бул катымды окууруңду билем. Суранам, айтылган сөздөрүмө күлө көрбө…  Дегеним, менин бул айтып жаткандарым сен үчүн күлкү келтирээрлик болушу мүмкүн. Бирок, бул менин жүрөгүмө бүткөн жан сырым. Анда баары башынан болсун…» деп өз сөзүн баштаган Айперинин Gezit.kg сайтына жолдогон катын жарыялоону туура көрдүк.

 

Алдыда келе жаткан 2017-жылдын 10-сентябрында биздин кыз-жигит болуп жүргөнүбүзгө туура 2 жыл болот. Экөөбүз тең бул күндү чыдамсыздык менен күтүүдөбүз. Айрыкча, мен аябай күтүп жатат окшойм. Эмнеге дегенде, 1 жылдыгыбызды сен өз түйшүгүң, мен өз түйшүгүм менен чабынып жүрүп, унутуп деле коюпбуз. Аттиң, ушул эки жыл аралыгында эмне деген гана күндөр өтпөдү. Кубансак чогу кубанып, ыйласак чогу ыйлап, кээде экөөбүз тең бир кепке келбей, урушуп-талашып, канча күн таарынышып жүрдүк. Билесиңби, мага ошол күндөр жагат… Ал анткени, ал убакта экөөбүз тең бактылуу элек. Экөөбүздүн башыбыз бириккенде, баарын жадыбыздан чыгарып, жакшы гана сөздөрдү сүйлөшчүбүз. Туура, азыр деле бактылуубуз дечи. Бирок… Бирок, баягыдай эмес…

Асыл мырзам, көзүңө тике карап айталбаган сөздөрдү ушул катым аркылуу билдиргим келет. Канча жолу айтууга аракет кылганым менен, бет алдыңа келгенде, аптыгып барып, ал тууралуу эки ооз сөз айталбай, улам эле башка сөзгө буруп кете тургам. Аны сен деле байкап жүрсөң керек.

Эх, ошондогу жаңы таанышканыбыз… Экөөбүздү табыштырган интернетке миң бир ирет алкыш айтам. Кудайым жараткан инткернет жок болсо, экөөбүз кезигээр белек, ким билет?!! Эгер кезиксек, ушинтип таттуу түгөйгө айланаар белек?!! Аны Кудайдан башка эч ким билбейт… Айтор, сени жолуктурган ошол күнгө рахмат айтам.

Биз жаңы таанышкан кез… Сен айылда, а мен шаарда. Ооба, ал убак сентябрь айы болчу. Ошол убакта телефон аркылуу күнү-түнү катуу баарлашканыбыз алигиче эсимде. Кийин айылдагы жумуштарыңды бүтүрүп коюп, борборго келдиң. Анан экөөбүз калаанын чок ортосунан жолуктук. Ии-ий, ошондогу уялганымды сураба. Улам эле жүзүмдү сенден ала качып турдум.

Ишенип кой, кезиккенден тарта эмес,  сүрөттөн көргөнүмдөн баштап сага ашык болгом. Ошол кезден бери башка жигиттер менен 1-2 ирет жолуксам да, ал экөө менен саламдан башка, ортодо эч нерсе болгон эмес. Аны өзүң жакшы билесиң.

Жогоруда айтып кеткендей, экөөбүздүн таанышканыбызга эки жыл толоюн деп калды. Ушул кезге чейинки киного, концерттерге екирген билеттерибизди тумардай тутуп, сактап келем. Анын себебин деле билбейм. Бирок, билип кой, алар мен үчүн өтө кымбат.

Эх чиркин, кызганычтын айынан канча ирет уруштук. Экөөбүз тең чыдабай кетип, жүрөктөгү сүйүүбүздү жашыра албай, кайра эле жарашып алчу болдук.

Билесиңби, ушул сүйүүнүн азабынан сен деп, канча ирет көз жаш төктүм… Өткөн кышта экөөбүз 2 ай сүйлөшпөй калгандачы… Экөөбүз тең жолукканда ыйлаганыбызчы. Ошондогу сенин көз жашың мени сүйөөрүңдүн далили болуп, дагы бир ирет ынандырды. Рахмат сага менин мырзам. Мен сени бул жарыкчылыкта сүйүп өтөөрүмө ишен. Биз эч качан бөлүнбөйбүз. Суранам, менин билип-билбей кылган каталарым болсо, мени кечир… Дагы бир ирет кечир…

Айпери, Бишкек шаары.

Булак: Gezit.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу