Айпери Кубик кызы, ырчы: «Той ээлеринин астында уят болуп, сөзгө калдым!»

Ырчы Айпери Кубик кызы Оштогу аэрпортто иштеген кээ бир  кызматкерлерге нааразы экендигин айтып чыкты.  Ырчы айымдын  айтуусуна караганда олуттуу тойго буюртма алган. Анда, эми той ээлеринин алдында уят болуп калгандыгын  айтып, төмөнкүчө билдирүү калтырган:

«Нааразымын! Ош аэропортунун кээ бир кызматкерлери жоопко тартылсын! Менин 21-октябрда Саратов шаарында өтүүчү мааракемди «срыв» кылышты! Той ээлеринин астында уят болуп, сөзгө калдым!Алар атайын чыгым кылып мени чакырышса, Ош аэропортунун кээ бир кызматкерлеринин шалаакылыгынын айынан бүт жумушум артка кетти! Мен Москва шаары аркылуу учкандыктан,Москва менен Саратовдун аэропортторуна арыз менен кайрылсам, кечирим сурап, бизден кетсе бүт акчанарды төлөп бермекпиз, бирок чемодан келген жок дешти. Өзүбүздүкүлөр ушундай кылганы жанымды кейитти!!! Угушумча, Оштон буга чейин да мындай болгон экен. Менин жазганымдын себеби, эл силерге ишенгенден кийин милдетти так,жоопкерчилик менен аткарыш керек. Кызматкерлерди туура иштетиш керек! Чалып сурасам, биздикилер бири бирине тонкоп,  кечирим суроонун ордуна, штраф төлөөнүн ордуна мойнуна албай жатышат. Ушу кантип болсун?Менин Саратовдогу уят болгонум, чыгымдарымды бут кайтарып беруусун суранам! Мындан ары мындай болбош керек!», — деп билдирет ырчы айым.

БУЛАК: argument.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу