Айпери Кубик кызы: «Ар ким өзү каалагандай жашоого акысы бар!»

Бул ирет ырчы Айпери Кубик кызы инстаграм баракчасына, инста досторуна өзүнүн оюн билдирип, кийинки күндөрү көп таң калып жатканын жазып чыкты.

Анда, «Кийинки күндөрү көп таң калчу болдум…Адамдар ушунчалык агрессивдүү  болуп баратат…Баары эмес албетте,бирок көбүнчөсү!!!Адам деген бирдей болуп жүрө бербей,өзгөрүү керек!!!Кызыгып,жаңы нерсени да жасап көрүү керек!!!Мен келбетимди көп өзгөртөм…Көбү ойлойт  экен,бул стилин таппайтат ж.б.у.с пикирлерин айтып!Жок,хэйтерлер мен ар кандай болгонду тандайм!Эмне жакса,кандай болгум келсе ошондой болом!!!Стильди үйрөткөн кыздар жана мырзалардын өзүлөрүнүн баракчасына кирсең кечирип эле кой да(сүрөтү жок,же Аллахтын жазуусунун сүрөтүн коюп алып,жаман сөздөрдү жазышат).Келгиле,кичине пейилди кенен кылып,жан дүйнөбүздү тазалап,ниетибизди түздөп жашайлы!!!Ар ким өзү каалагандай жашоого акысы бар!Жүрөгүбүз ыйманга толсун!!!Эки дүйнө бактылуулугун каалайм!»-деп билдирет ырчы айым.

БУЛАК:argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу