Айнуру Алтыбаева, КСДП фракциясынан ЖК депутаты: «Жетекчилер эчтеке кылбай койгону үчүн да жооп бериши керек»

-Айнуру Тойчиевна, ТЭЦтеги авария маселеси Жогорку Кеңеште каралган учурда депутаттардын көпчүлүгү күнөөлүүлөр катуу  жазаланышын талап кылышты эле. Азыркы учурдагы камоолорду укук коргоо органдарынын ага карата жообу деп бааласак болобу? 

-Жогорку Кеңеш тергөөчү да, судья да эмес. Биз саясый гана баа бердик. Ал эми юридикалык бааны бергенде саясый баалар, эмоциялар эске алынбайт. Ал жерде фактыны, анан документтерди гана карашат. Кол койдубу, жооп бер! Ошол эле учурдагы жетекчилер эчтеке кылбай койгону үчүн да жооп бериши керек. Кылмыш кодексинде  ошондой норма бар. Андыктан, кимдир бирөөлөр «ал жерде менин колум жок»-деп канчалык актанса дагы, алар эч нерсе кылбай отуруп алаганы үчүн жооп беришет. Cен имаратты ремонт кылганга, кабинетиңе эмерек сатып алганга акча жумшагансың. Ал акчалар цехтердеги терезелерди бүтөп, жылуулаганга жумшалышы керек болчу. Бизге келип, «кышка жүз пайыз даярбыз» -деп мактанып кетишкен. Бирок, кыш башталар замат авария болду. Эми болсо  «авария эски ТЭЦте болду» -деп актанышууда. Бирок, 386млн.доллар жумшалып, 30 гана пайыз модернизация жасалганы үчүн ким жооп бериш керек? Толук модернизация кылыш үчүн 1,5 миллиард доллар керек беле? Бул акчага жаңы космодром куруп, асманга ракета учурса болот экен. Дагы бир жолу кайталагым келет, укуктук бааны сот гана берет.

БУЛАК: АЗИЯnews

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу