Айнура Темирбекова кызматтан кетти

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова кызматынан кетти. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирүү таратты.

Ал өз билдирүүсүндө беш жыл ичинде кызматташкан бардык өнөктөш, кесиптештерге ыраазычылыгын билдирди.

Айнура Темирбекова 2013-жылдын 29-августунда бул кызматка дайындалып, 2015-жылы августуна чейин иштеген. 2015-жылы Жогорку Кеңешке КСДП партиясынан (№83) депутаттыкка талапкер болуп катталган. Кайрадан 2015-жылдын декабрында министрлин орун басары кызматына келген.

Булак: Калыс Медиа 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу