Айнура Салахидинова, ырчы: «Жакшы келин болуп койсоң эле…»

— Кийинки убактарда комуздун коштоосунда ырдабай калдың, элдин уккусу жокпу же өзүңдүн каалооң жокпу?

— Эфирлерге барганда, туугандар арасында, үйлөрдөгү жакшылыктарда комуздун коштоосунда ырдап жүрөм. Башында тойлордо комуз менен ырдап калчубуз. Бирок кийинчерээк эл тойдо эстрада ырларына басым жасайт экенин байкадым. Анын той ээси да шаңдуу ырларды ырдап берсеңиздер деп суранышат. Ошондон улам комузду тойлорго алып барбай калдым. Бирок комузумду таштай элекмин. Бош учурда үйдө комуздун коштоосунда ырдап күүлөрдү чертип, унутуп калбаганга, чеберчилигимди өстүргөнгө аракет кылып келем. Мурда студенттерге комуздан сабак берчүмүн да. Азыр балдарым жаш болуп, ал ишимди колго ала албай жүрөм. Буюрса, келечекте бул ишиме кайра кайрылам деген тилегим бар.

— Эстрада эмес, фольклор ырчысы болсоң азыркы деңгээлге жетет белең?

— Эстрада же фольклор ырчысымын деп өзүмдү билбейм. Эстрада менен фольклорду бирдей алып кеткенге аракет кылып келем. Эстрада багытында кандай ырларды жаздырсам да, сөзсүз улуттук аспаптарды кошуп кетем. Комуздун коштоосунда да ырларды аткарып, салттуу өнөрдүн өсүшүнө өз каалоосу биздин тандоону жеңип кетип жатат. Азыр баарыбыз эле тойлордо ырдап жүрөбүз да. Тойдо элдер эстраданы көп суранышат. Ошондуктан эстрада жанрындагы ырлар көп ырдалып жатат окшойт. Ал эми фольклор ырчысы болсом, азыркы деңгээлге жетээр-жетпесимди айта албайм. Себеби адам эртеңин билбейт эмеспи…

— Эл аралык сынактарга катышсам деген эңсөө болду беле?

— Ооба, студент кезде андай каалоолор күч эле. Кыргызстанда өткөн ар кандай сынактарга катышып, элибиздин намысын коргоп, желегибизди желбиретсек деген таттуу кыялдарга батат элек. Бирок ал кыялдарымды иш жүзүнө ашыра албай калдым. Бирок музыкалык мектептеги комуз ансамбли менен бир катар мамлекеттерге барып сынактарга катышып, байгелүү орундарды алып келгенбиз.

— Үй-бүлөнүн түйшүгү жеңилби же сахнаныбы?

— Үйдөгү тирилик бүтпөйт экенин сен да жакшы билсең керек. Бирок жумуштун көптүгү аял затын чарчатпайт деле. Аял үчүн балага татыктуу тарбия берүү баарынан оор го дейм. Бала көбүнчө эне менен бирге болот. Анын баскан-турганын, сүйлөгөнүн, кылгандарын көрүп тарбия алып , бой жетет эмеспи.Ошондуктан балдарга кошуп өзүңдү тарбиялап, аларга үлгү болгонго аракет кыласың.. Бул абдан чоң күчтү, эркти талап кылат. А үй жыйнап, балдардын тамагын жасап, кирин жууп, артынан жыйноо эне үчүн бир чети түйшүк болсо, бир чети бакыт деп билем. Сахнанын да өз түйшүгү бар. Бирок жолун билип, ыгын таап алган ырчы сахна түйшүгүн көп деле тартпайт.

— Үй-бүлөнүн бекемдиги кимден көз каранды деп ойлойсуң?

— Коломтонун ээси аял заты эмеспи. Үй-бүлөнүн урабай бекем сакталып, ал үйдө ынтымак менен бакубатчылык өмүр сүрүп турушуна аялдын жоопкерчили- ги көбүрөөк дейт элем. Аял заты сабырдуу жана акылдуу болсо эле үйдө тынчтык болот. Балдарга мээримдүү эне, жолдошуңа мыкты жар, кайын журтка жакшы келин болуп койсоң эле коломтонун оту өчпөйт.

— Жолдошуң саясатка аралашып жүрөт, сен да саясатка кызыгасыңбы?

— Ооба, жолдошум саясатка аябай кызыгат. Аралашып да жүрөт. Элиме кызмат кылсам, өлкөбүз өссө деген жакшы тилектери бар. Бирок мен саясатка таптакыр кызыкпайм. Жолдошумдун тандоосун колдойм жана сыйлайм.

Жаркынай КАДЫРКУЛОВА

БУЛАК: фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу