Айнура: «Отузга чыга элек күйөөмдөн жийиркенем…»

Айнура эмнегедир акыркы кездерде күйөөсүн такыр эле көргүсү келбей калды. Анткени ал диндин фанаты болуп, сербейтип сакал коюп алган. Анысы ээгине жарашса дагы жакшы эмеспи. Илгерки басмачылардай болуп кейпи дагы келишип калганы чын. Ал эми кийген кийим кудум Афганистандагы эле апийим менен дүйнө элин ууландырган этек — жеңи балбаалаган, көзгө серт көрүнгөн кийим кийген афганистандык эле кишинин көрүнүшү.

Ооба, экөө жаңы үйлөнгөн кезде кандай созолонгон жигит эле. Эми минтип кайдагы бир Пакистанга барып келген досунун сөзүнө кирип, башка адам болуп чыга келди. Андан дагы убакыт алга жылган сайын сербейген сакалы калың тартып, батек сакалга айланды.

Эх, сакал дагы тазалыкты, көркөмдүктү кандай каалайт. Ооба, сакал койгон кары кишилерге кандай жакшы жарашат, ал эми жаш туруп сакал койгон бул жаштыктын кейпин кетирип саларына Айнура ушул саам баам салды. Жашы али отузга чыга элек жатып күйөөсү Мураттын сакал койгонуна ушунчалык нааразы. Андан дагы түнү анын сакалы бетин сайгылап, баягыдай жылуулук тартууламак турсун кыжырын кетирет.

Ооба, ар бир аял күйөөсүнүн сымбаттуулугун, таза кийим кийгенин каалайт эмеспи. Ал эми “сүннөт” деп этеги бар кийим кийген динчилдерди ким жактырат. Айткандай Мурат динге берилгени үйдө көп өзгөрүүлөр болду. Ошол өзгөрүү дагы Айнуранын сабырын түгөтүп бара жатат. Андан дагы акыл айтып башты чаканы аз келгенсип, эми Айнуранын өзүн дагы “сүннөт кийим кий” деп кыйнай баштады. Айнура болсо кыргыз кызы эч качан жүзүн жапкан эмес, эмнеге мен пакистандын кийимин кийишим керек деп каршы болуп келет.

Бул күнү дагы экөө ушул теманын айынан кер-мур айтышып кетишти. Бирок Мурат акыркы кезде майдачыл, эбиреп көп сүйлөгөн адам болуп дагы көңүлгө көлөкө түшүрө баштады.

Адатагыдай бул күнү Айнура идиш аягын жууп, майда барат иштери менен алек болуп жатып кеч жатты. Бул убакта Мурат али уктай элек болучу. Айнура жатканда эле асылып баштады. Айнура чоң мүшкүлдөн кутулгансып үшкүрүнүп алды. Бул көрүнүш күндө эле кайталанат. Бирок бүгүнкүсү эмнегедир кыжырын катуу келтирди. Мурат ишин бүткөн соң күңкүлдөдү, кудум Сатар молдодой болуп үнүн бир башкача чыгарып:

— Катын деген күйөөсүнө көңүлдөнүп бериш керек-деп. Бул сөздү укканда Айнура чыдабай кетти да анан нары карап жаткан калыбында: — Алдагы батектей болгон сакалыңды алып, эрте эле карылыкка баш ийбей, жаш жигиттей болуп аял дегенге жакшы сөздөрдү айтып эркелетип жакшы сөз арнап койсоң боло, анан карыган чалдай болуп сербейген сакалың менен бетимди сайгыласаң анан мен кантип көңүлдөнөм. Кудум кайдагы бир чал менин жанымда жаткандай болуп жатса. Бир кезде созулган кыздар ашык болгондой келбетиң бар эле азыр карачы, сени ким жигит дейт. Чалга окшошуп турсаң. Деги эле молдо качан ийгилик жаратты эле аялга акыл айткандан башка. Мага эч сөз сүйлөбөчү, азыр сени көрөйүн деген деле көзүм калбай калды. Бул сөздү укканда Мурат абдан жаман акыбалда калды.

Чын эле эртең менен туруп күзгүгө каранса, аялы Айнура айткандай өзүн бир карыган чалга окшоштуруп жиберди да, “сакалды алып деле намаз окуса эмне болот” деген суроону өзүнө берип жооп таба албай турганда Айнура жанына басып келип, кудум жаңы үйлөнгөн кезиндегидей эркелеп:

— Мурат, карачы өзүңдү? Сен баягыдай эле адам болчу. Эмне сөзсүз эле сакал коюп анан намаз окуш керекпи? Тиги Куланбек байке деле намаз окуйт, бирок зыңгырап эле костюм шым кийип, сакал койбой эле жүрөт го? Сакал койгон менен аялдардын чүмкєнүп жүргөнү бул жөн эле реклама “мен намаз окуйм” деп мактангандай эле көрүнүш деп айтканда ушул сөз катуу таасир берип, ушул күнү Мурат батектей болгон сакалын алып салды да, динге салкын көз караш менен карап, өзү үчүн гана намазын окуп, иш менен алек болду.

Ушул сакалы эле артка тартып жүргөн белем, жакшы ишке орношту. Анткен орустар эле эмес бүт европа эли сакалчандардан абдан коркушат эмеспи “тероррист” деп. Андан дагы Мурат өз ишин абдан жакшы билет. Ишти камчы салдырбай алып кетип жакшы кирише да таба баштады. Көрсө ар бир улуттун адамы, башка улутту ээрчибей, өзүнүн элинин жүрүм-туруму менен жүргөнү жакшы жыйынтык берерин Мурат эми гана билди. Ал эми Айнура күйөөсүнүн бул жасаган кадамына абдан ыраазы болуп батек сакалдан кутулганына ыраазы болуп, кубанып жүргөн кези.

Бердония Бедорович

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу