Айнегин караңгылатып жүргөн айдоочуларга 282 миң сом айыппул салынды

Транспорт жана жол министрлиги менен Ички иштер министрлиги (ИИМ) машиненин маңдайкы жана алдыңкы каптал айнектерин караңгылатып жүргөн 94 жаранга протокол толтурушту. Бул иш эки жарым сааттын ичинде аткарылган.

Транспорт жана жол министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Кылыч Досумбетов “Азаттыкка” билдиргендей, айдоочуларга жалпысынан 282 миң сом айыппул салынды. Айыптын өлчөмү жеке жактар үчүн 3000 сомдон, ал эми юридикалык тараптар үчүн 13 000 сомдон.

Январдан тартып күчүнө кирген Тартип бузуу жөнүндө кодекске ылайык, машинелердин “тонировкаларын” тескөө Транспорт жана жол министирлигине жүктөлгөн.

Бирок өкмөт мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорду парламентке жөнөттү. Ал мыйзам долбоорунда машиненин айнектерин караңгылатып жүргөн айдоочуларга айыппул салуу кайра Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторлоруна жүктөлөт.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу