Аймакты өнүктүрүүгө багытталган аракеттер

Президент С.Жээнбековдун жарлыгы менен жарыяланган «Аймактарды өнүктүрүү жылына» карата мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Тиллебаев жетектеген топ 2018-жылдын 13-14-майында Талас облусунда кызматтык сапарда болду. КУУнун делегациясын облустагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев кабыл алып, эки тараптуу кызматташуу боюнча келишим түзүлдү.

Сапардын жүрүшүндө топтун мүчөлөрү Талас облусундагы айыл аймак башчылары, мектеп директорлору жана мугалимдери менен жолугушуп, алардын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу боюнча иштерди жүргүзүштү. Бүтүрүүчүлөрдү кесипке багыттоо максатында мектептерде “Ачык эшиктер” күнү өткөрүлүп, КУУ тууралуу буклеттер таратылды жана видеотасма көрсөтүлдү.

Андан кийин, Улуттук университеттин жана облус жетекчилигинин “Аймактарды өнүктүрүү” жылына карата биргелешкен иш пландары тууралуу баяндалып, “Мугалим” журналынын баш редактору Рахат Сулайманова журналдын аймактык билим берүү тармактары менен иш алып баруусу жана мугалимдергеге маалыматтык, методикалык колдоо көрсөтүүлөрү тууралуу маалымат берди.

Жолугушуу учурунда мыкты жетекчилерге ыраазычылык кат, ардак грамоталар тапшырылып, мугалимдерге “Мугалим” журналы, Эл мугалимдеринин сүрөттөрү түшүрүлгөн календарлар, блокноттор жана сумкалар белекке берилип, улуу кесиптин ээлери сыйга бөлөндү.

Эки күнгө созулган кызматтык сапарда проректор менен чогуу профкомдун төрагасы Кубанычбек Жумабеков, факультеттердин жетекчилери Бекжан Темиров, Памира Кадырбекова, Эркин Кулова, Рыскүл Токторова, Кундуз Базакеева, Алайбек Шамшиев, Мээрим Керимкулова, Мырзабек Камчыбеков, Бакыт Жайлообаев, Софья Апаева, Изат Береналиев, Рахат Сулайманова, колледждердин башчылары Аскар Акматов, Мураталы Соттимкулов, о.э. кесипти жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо факультетинин тренерлик тобу жана “Мугалим” журналынын өкүлдөрү болушту.

Иш-чараны уюштурууга облус жетекчисинин орун басарлары, кеӊешчиси, райондордун акимдери, алардын орун басарлары, Талас облустук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, Талас мамлекеттик университетинин ректору, о.э. 37 айыл аймак башчылары катышты.

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу