Аймактарга банкомат жана терминалдар коюлат. Президент Кулматовго тапшырма берди

Жээнбеков экономикалык өсүш жана ишкерликти колдоо максатында узак мөөнөттүү насыялар менен камсыздоо зарылчылыгын белгиледи

 Бүгүн, 28-ноябрда, президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Кулматовду кабыл алгандыгы өлкө башчынын сайтында жарыяланды.

Жолугушуу маалында Кулматов төлөө терминалдарын жана банкоматтарды айылдарга орнотуу пландары менен бөлүштү.

«Аймактарга терминал жана банкоматтар жайгаштырылат. Анткени бүгүнкү күндө дээрлик бардык мамлекеттик жана муниципалдык органдар айлык маянаны банк карталарына которуу системасына өтүштү. Буга байланыштуу аймактарда акча каражаттарын накталай алуу жана тейлөө кызматтарына төлөө боюнча кыйынчылыктар байкалууда», — деди Кулматов.

Накталай эмес эсептөөнүн үлүшүн көбөйтүү максатында өлкөнүн алыскы аймактарында инфраструктураны өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү зарылдыгы бар экенин президент дагы баса белгиледи.Ошондой эле Жээнбеков экономикалык өсүш жана ишкерликти колдоо максатында узак мөөнөттүү насыялар менен камсыздоо зарылчылыгын кошумчалады.

Мындан тышкары, ал кайра иштетүү өнөр жай тармагына насыя берүүнүн көлөмүн көбөйтүү тапшырмасын берди.

Булак:  Sputnik

Аргумент.kg
Жооп калтыруу