Айласы куруган БАБАНОВ, аргасыз ЖЭЭНБЕКОВГО тизе бүгөбү?

Бабанов алдастоодо…

Президенттик шайлордо жеңип чыгууга мүмкүнчүлүгү жогору катары сыпатталып келген Өмүрбек Бабановдун рейтинги күн өткөн сайын ылдыйлоодо. Мындан 3-4 ай мурун элдик сурамжылоодо пиктен түшпөй жаткан Өмүрбек мырза учурда кантип төмөн кулап бара жатканын түшүнө албай жаткан чагы. Ар тараптан маалыматтык чабуулга туушугуп, айланасында ишенип кармана турган адамдар азайып алдастоодо. Учурда түндүк-түштүктүн тың чыкма, белдүү саясатчылары биригип жатат. Бабанов бул альянска кириши күмөн. Демек, жалгыз баардык атаандаштары менен саясий аренада кармашууга туура келет. Мындай абалда ийгилик жаратышы күмөн. Демек, Жээнбеков менен соодалашууга барып калышы ыктымал болуп турат.

Булак:Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу