Айласы кеткен Атамбаев өзү каматкан саясатчыларга «элчи» жөнөтүп атканы эмнеси?

«Жашоо бумеранг» экенин бир убакта экс-президент Алмазбек Атамбаев таптакыр оюна албаса керек. Туура эмес иш кылсаң, кимдир-бирөөнү туура эмес караласаң же кордосоң, анын терс таасири акыры келип өз башыңа тийе турганын ар бир адам баласы билиши керек. Бирок, бийлигине манчыркап кеткен А. Атамбаев анын жасап аткан ишиндеги кемчиликтерди, катачылыктарды көзгө сайып көрсөткөндөрдүн баарын эле оозго алгыс «бокооз» сөздөрү менен айыптап («сасык партия», «жалганчылар», «бүлүндүргүчтөр» жана башка), далилденбеген фактылар менен эле темир тор артына отургузуп келген.

Албетте, биз соттун чечимине каршы эч нерсе айта албайбыз. Бирок, А. Атамбаевдин коррупцияга каршы күрөшү өтө эле тандалма жүргөнүн, ага каршы сүйлөгөндөрдүн баары эле куугунтукка кабылганын коомчулук жакшы билет.

Эми болсо, анын алты жыл өлкөнү башкарган убагындагы коррупциялык элементтер бирин артынан бири калкып чыгууда. Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу, Тарых музейин реконструкциялоодогу, Ысык-Көлдөгү ипподрумдун курулушундагы ашыкча көрсөтүлгөн баалар (кычкач- 640 доллар, бир видеобайкоо жүргүзүүчү камера – 14500 доллар, жыгачтан жасалган эшекке окшо ат – 14000 евро жана башкалар) элдин кыжырын кайнатып, экс-президенттин да буга жоопкерчилик тартышы керек экендигин билдиришүүдө.
АШАнын маалыматчылары ар кандай жол менен актанууга, ачылган кылмыш иштерин саясий куугунтук катары көрсөтүүгө катуу аракет кылышты. Бирок, эл ага ишенген жок. Себеби, далилдер көз алдыда турса, андан кайдагы саясий куугунтукту көрүүгө болот эле?
Ошондон улам А. Атамбаев учурда өзүнүн ишенимдүү адамдарын абакта жаткан Ө. Текебаев, С. Жапаров сыяктуу саясатчыларга жөнөтүп «Мени кечиргиле, убагында силерди ак жериңерден каматып жибериптирмин. Эми мындан ары бирге бололу, мен силердин алдыңардагы бардык күнөөмдү жууганга даярмын» деген салам-дубасын айттырып атыптыр. Кыязы, аларды кайра койнуна тартып, учурдагы бийликке каршы турайын деп атса керек.
Бирок, А. Атамбаевди 2010-жылга чейин да колдоп жүрүшүп, кийин кайра анын колунан кордук көрүп калган саясатчылар эми аны кечириши өтө кыйын го деп турабыз. Бир жолу алдаган адам аны миң жолу болсо да кайталагандан тажабайт эмеспи.
  БУЛАК:Maalymat.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу