Айланма жолдо унаа кырсыгынан эки өмүр кыйылып, дагы беш адам жабыркады

Бүгүн 3-июлда айланма (объездной )жолдо жол кырсыгы катталган. Анда 2 киши
мерт кетип, 5 киши жабыр тарткан. Алардын бирөө оор абалда Ысык-Ата райондук
ооруканасынын жандандыруу бөлүмүн жаткырылган. Маалыматты Саламаттыкты сактоо
министрлигинин маалымат кызматы кабарлады
Алдын ала маалыматтар боюнча «Хонда Одиссей» маркасынан айдоочусу рулду башкара
албай калып ала салып кеткен.

Булак: Чагылган

Аргумент.kg
Жооп калтыруу