АЙКӨЛ АЛИКЖАНОВА ТУРМУШКА ЧЫКТЫ

Кыргыздын кымча бел сулууларынын бири модель, актриса Айкөл Аликжанова турмуш жолуна аттанды. Ал бир нече сулуулар сынагынын жеңүүчүсү, ошондой эле «Көк салкын-2», «До+Фа-2», «Султан Сулайман» тасмаларында роль жараткан. «Актриса араб шейхине турмушка чыгат экен. Ошондуктан хиджаб кийиптир» деген сөздөр айтылган. Ал кептерди төгүндөп модель кыргыз жигитине турмушка чыкканын, ырчы Айгерим Расул кызынан уктук: «Айкөлдүн кыз узатуу тою 2 күн мурун Ошто болду. Биздин ата-энелерибиз жакшы достордон. Тойго ата-энем келе алышпай, ордуна мен барып, ата-энемдин жана өзүмдүн атымдан куттуктап келдим. Жолдошу таластык жигит экен»,- деди ырчы айым. Айкөлгө биз дагы үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз.

Булак: Супер.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу