Айзура: «Күйөөгө тийбей төрөп алсам кандай болот?»

Саламатсыздарбы! Мен дагы өзүмдүн оюмду ортого салгым келди. Жашым 33 тө. Бишкекте жашайм жана кесибим боюнча иштейм. Жумушум өзүмө жагат, эч нерседен кем эмесмин кудайга шүгүр! Кызым бар 10 жашта, убакыт аябай бат өтөт экен кызым кантип чоңойгонун байкабай калдым. Жүрөгүмдүн тынчын алган бир нерсе бул дагы балалуу болгум келет. Кызым жалгыз болуп калышын каалабайм. Турмушка чыгууга деле көп эле сунуш болду, бирок өзүмө ылайыктуу, жашоого болгон көз карашыбыз бир болгон адамды таба алган жокмун. Жашоо оюнчук эмес экенин жакшы билем. Кесиптеш эже күйөөгө тийбей эле төрөп ал, дагы кандай немеге жолугасың жашап көрмөйүнчө билбейсин деп жатат. Ошондон бери ойлонуп жүрөм, кандай кылсам экен деп. Өкүнүп калгым келбейт… Болбосо дагы бир ой бул жашым өтүп кете электе жашоомдун жаңы барактарын Европада улантсамбы дейм…Жашоодо жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт демекчи, меникиндей окуяны  башынан өткөргөн айымдардан кеңеш күтөм. Ар бир аял затына бактылуу жашоо, сүйүктүү жар жана мээримдүү апаке болушуңузду чын жүрөгүмдөн каалар элем. Мага кеңеш бериңиздерчи… Кандай жол тутсам…

БУЛАК: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу