Айзат: “Адамдар жокчулуктан урушса, биз барчылыктан урушабыз»

— Бала менен акчанын бары да балээ экен, жогу да балээ экен. Ушул экөө үчүн 40ка таяган өмүрүмдүн теңинде өзүмдү толук бактылуу сезе албай жашадым. Айткандарым таң калычтуу сезилер. Баарын башынан баяндап берейин.

***

Жыйырма жашымда жакындарымдын “кой-ай” деген кебин укпай турмушка чыгып кеттим. Кеп укпас кылып сүйүүгө азгырган ал адам менден алты жашка улуу, бардар жашоодо жашаган бүлөнүн уулу эле. Мындай шартта мен бактылуу гана болом деп ойлогом. Бирок Кудай бак айтпаса, канча аракет кылган менен бактысыз бойдон кала берет экенсиң. Менин санаасы жок бактылуу учурум жарым жылга гана созулду. Андан кийин кайненем баш, абысындарым төш болгон кайын журтумдун “боюнда бар бекен?”, “деги бул төрөйүн дейби же эркелеп жүрө берет бекен?” деген кептери тынчтык бербей, санаам арта баштады. Кайын журттун минтип курсагыңды шыкаалап, баскан-турганыңды аңдый бергени да жаман экен. Күйөөм бир жылдай мени жоошутуп, жакындарынан коруп жүрдү. Экөөбүздө тең “буюрса, балалуу болобуз” деген илгери үмүт бар эле. Бирок биздин күтүүбүз созулуп, чыдамыбыз азайып баратты. Адилеттин да кеби бузула баштады, ар кайсыны айтып көңүлүмдү оорутчу болду. Бирде жакшы кебим менен көңүлүн жубатып, бирде тескери карап ыйлап жүрүп акыры доктурга кайрылууга аргасыз болдум. Улам кулагым чалган жерге барып текшерилип болгон аракетимди кылдым. Убакыт өтө берди, кош бойлуу боло албадым. Беш жылдай текшерилген соң балалуу боло албай жатканыбызга күйөөм себепкер экени мага белгилүү болуп калды. Доктурлар да канча бир ирет ал да текшерилиши керектигин айтышты. Бирок Адилет мындай кепти уккусу да келбей чычалап, текшерилүүдөн баш тартып туруп алды. Эки жылга чукул убактымды аны доктурга көрүнүүгө макул кылууга жумшадым. Ушунчалык көк бет экен, таптакыр макул болбой койду. Ушунун айынан ынтымагыбыздан биротоло ажырап, ыркыбыз келишпей баратты. Үйдө кулак-мурун кескендей тынчтык же кулактын кужурун алган жагымсыз кептер гана айтылып калды. Сегиз жылымды арнап, бирок бактылуу боло албаган, баласыз экенибиз үчүн басынган жашоодон тажап кеттим. Акыры бир жолку катуу урушту шылтоо кылып Адилеттен биротоло кетип калдым.

***

Жалгыздыкка оролгон жагымсыз жашоо башталды. Башында тагдырыма таарынып ыйлап, бир жагынан көнүшүп калган адамымды сагынып абдан кыйналдым. Бирок акыры баш көтөрүп, белди бекем бууп иш кылчу убакыт келди. Мени аяган ата-энем, бир туугандарым мага ар тараптан колдоо кылышты. Алардын жардамы менен борбордун жакшы райондорунун бирине чакан дүкөн ачтым. Ишти жакындарымдын ишеними менен баштаган соң аны алып кетүү үчүн жанымды аяган жокмун. Бир чети төрт дубалга камалып ыйлап-сыктап, санаа тартып жата бергенден чарчаган да, тажаган да экенмин, чын көңүл менен иштеп аттым. Эмгегимдин акыбети кайтып ишим алга жыла берди. Баягы кичинекей дүкөндүн көлөмү чоңоюп эки кызга жумуш бергенге жарап калдым. Үч жыл көз ачып жумганча өтүп кайрадан жеке жашоону ойлончу убакыт келди.

***

Кийинки бактымды алыстан эмес, өзүм жашаган эле аймактан таптым. Ал адам дайыма дүкөнгө эки маал келип эртең менен тамеки, кечинде нан, айран, сүт сыяктууларды алып кетчү. Дайымкы кардарым катары сыртынан таанып калгам. Бара-бара таанышып сүйлөшүп калчу болдук. Кийин бирге отуруп балмуздак жеп, достордой болуп кеттик. Разак буга чейин бир никеде болуптур. Эки баласы бар экен. Ажырашып кетишкени менен уулдарына барып турат экен. Балдарынын акыры өзүнө кайтып келерине абдан ишенип, ал кезди күтөрү көздөрүнөн эле билинип турчу. “Азыр аларга жакшы карап, кийин балдарым таарынбай тургандай мамиле кылам”, — деп чын сырын айтып отурду. Мен да ага болгон чындыгымды айтып эч нерсени жашырган жокмун. Бир жолку мындай сырдашуу бизди мурдагыдан жакын кылып койду. Жарым жылдай жакшы мамиледе жүрдүк да, кийин анын сунушу менен баш коштук.

***

Эң жакындарыбызды гана чакырып чакан той кылып, бата алып жашообузду баштадык. Бир калыптагы жай турмуш башталды. Ал мамлекеттик кызматта иштегендиктен күнү бир гана жумуш менен өтөт. Мен болсо бир маал дүкөнгө барып иштерди көзөмөлдөп коём. Разак мени тапкан бактысына абдан ыраазы эле. Мен болсо башкысы ушул жерден бала төрөп, этек-жеңим жайылып, бактымды бекем кармап калсам экен деп тиленип, кош бойлуу болууну күтүп жүрдүм. Санаамды арбытып бир жыл кош бойлуу боло албадым. Бирок кайын журтума абдан жакшы аралашып кеттим. Алар да мени жакшы кабыл алышты. Мен үйгө келген кайын сиңдилеримдин, улуу абысындарымдын баарын белексиз узатчу эмесмин. Ал эми кайненеме ай сайын белек жөнөтүп туруу мага адат болуп калган. Чынын айтсам, бул аракеттерим кош бойлуу боло албай атканыма наалып чыгышпаса экен деп алдын ала ооздорун жапканым эле. Бир чети мен анчейин эле акчанын артынан кууп түшүп, тыйын санай берген жан эмесмин. Берешен, марттыгым бар. Кудай тилегимди берип кыздуу болдум. Бирок минтип мен эми гана бакытка жеткенде Разак өзүн бактысыз сезгени билине баштады.

Биз жашообуздагы болгон чыгымдарды дүкөндөн түшкөн акча менен жаап жүрчүбүз. Көрсө, ушул нерсе аны басынтып жүрүптүр. Анын баласы менен кызыбыздын туулган күндөрү удаа эле. Адаттагыдай эле ага белек-бечкек камдадым. Кечинде баарын көргөзүп:

– Эртең буларды балдарга салып жибер. Кубанып калышсын, — дедим. Бала да, кызым:

– Менин туулган күнүм келгенде эмне алып бересиңер? — деп калды.

– Сага атаң сонун куурчак алып берет, — деп койдум эч жаман оюм жок эле.

– Ооба, ошентип бөлүшөлү. Ошентип, сага белек алып берип апаңдын карызынан кутулайын, — десе болобу Разак кумсарып.

Кызымдын көзүнчө кеп кайрыгым келген жок, ары эмнеге минтип атканын түшүнө бербей маанайы жок го деп койдум. Чындыгында анын он эки миң сом айлыгы айдан айга жетпейт эле. Мен муну билгеним менен ага бул тууралуу бир ооз да эч нерсе айтпай, тескерисинче, ичимден “дагы бактыбызга Разактын өз үйү болуп, менин дүкөн иштетип калганым жакшы болгон экен. Бул болбосо кантип жашамакпыз” деп сүйүнүп жүрбөймүнбү. Досторубуз менен чоң суммадагы акча айланган шеринебиз бар эле. Анын акчасын дайыма дүкөндүн акчасынан алып кошчубуз. Биздин кезек келип баягы акча колго тийгенде да жаңжал чыкты.

– Акчаны эмнеге колдонолу? — дедим чын ниетимден.

– Эч нерсеге. Ал сенин дүкөнүңдүн акчасы да, өзүң билесиң.

– Разак, качан эле акчаны “сеники, меники” деп бөлүшчү элек? Бир керекке жаратабыз деп берип жүргөн акча, “эмне кылалы?” деп эле кеңешип атам.

– Сен качан эле дүкөнүңдүн иштерин мени менен кеңешип кылчу элең? Билгениңди кыла бер, – кызуулугу менен айтып атат деп буга да көз жумдум. Жоошутмакка:

– Кел анда, мен муздаткычты жаңыртайын, калганын сен машинеңе керекте, — дедим.

– Кереги жок. Акчаң ашып атса ай сайын менден доолабай айтып жүргөн алтын чынжырыңды алып ал, — деди жулкунуп.

Мен андан ары эч нерсе деген жокмун. Ырас, аялдык кылып ага эркелегим келип “алтын чынжыр алып берчи” деп жүргөм. Бирок ал ай сайын “кийинки айда” деп келаткан. Бул сөздү уккан соң баягыдай эркелеп “алтын алып бер” дегенимди да койдум. Төркүнүм турсун, кайын журтумдагыларга да баягымдай каалаган белегимди бере бергенден тартынып калдым. Алар болсо бизде акчанын барчылыгы үчүн чатак болуп атканын кайдан билишсин. Жетишпеген кем-карчын арызданып келе беришет. Разак бир туугандарынын минтип келип мени менен сүйлөшүп отургандарын да жактырбай чыкты. Аларды ачыктан-ачык жемелеп кууп, мага: “Аларга кайрымдуу болбой эле койчу”, — деп тыйып, ортобузду алыстатканга да аракет кылды. Ачуум келип:

– Дүкөндү толук өткөрүп ал. Баарын өзүң каалагандай иштет. Мен кызымды карап эле үйдө жатайын, — дедим.

– Ишимди таштабайм. Базарчы болоюн деп окуган эмесмин, — деди.

Балким, ушунда өзүн табышкер эркек катары жакшы сезеби деп ал айлык алчу күндү туштай керектүү азык-түлүктөрдүн тизмесин жазып берип “ала кел” деп да көрдүм. Анда “дүкөнүңдүн акчасын аяп, менин айлыгымды көрүп калдыңбы? Бул азыктар дүкөнүңдө деле тизилип турат го. Сен тапкан акчанын теңине теңеле албаган айлыгымды эмнеге жеткирейин?” деген кеп уктум. Ошондон бери андан бир нерсе суроону биротоло токтоттум. Бирок ал кенен болуп, баарына жетип турган акчага дагы деле көнбөй келет. Чоң суммадагы алыш-катыштарга деген акча тууралуу кеп болгондо сөзсүз жаңжал чыгат. Баарына кол шилтеп дүкөндү жаап салгым келет. Бирок анда кайра эле өзүм кыйналчудаймын. Себеби биздин алыш-катышыбыз көп, кызым чоңоюп келе жатат. Дагы балалуу болсок деген тилегим бар. Разактын балдары да окууну аяктайын деп калышты. Алардан деле аябайм. Ушунун баарын эске алганда дүкөндүн иштеп эле турганы жакшы болуп турат. Болбосо Разак анын баарын камсыздай турган акча табалбасы айдан-ачык болуп турбайбы. Бирок ушул дүкөндүн айынан чыккан уруш-талаштар мени абдан тажатты. Адатта адамдар акчанын жетишпестигинен урушушат. А биз барчылыкты көтөрө албай жатабыз. Кесир болбосо экен деп корком…

Булак:  Леди.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу