Айзада Жамгырчиева: «Эсимде калган унутулгус күн, өз эмгегим менен акча таап машина алган күнүм»

Айзада Жамгырчиева — Музыка телеканалында «Хит-парад» берүүсүн, НТС телеканалында «Не жаңылык?» программасын алып барат. Ошондой эле тасмаларда роль жаратып, жогорку деңгээлдеги иш-чаралардан тарта тойлордо дагы алып баруучулукту аркалап келет.

-Айзада журналисттик кесипти тандооңо эмне түрткү болду?

-Мен журналистикага кокусунан эле келип калгам. Бул кесипке караганда айылды окуп жүргөн кезимде ырдаганды, бийлегенди жакшы көрчүмүн. Эң негизги максатым телевизорго чыгуу болчу. Журналистика теле экранга чыгуунун бирден-бир жолу болуп, анан ушуп кесипти тандап калгам. Мектепте окуп жүргөн кезимде алып баруучу анан ырчы болом дечүмүн, бирок ошол ырчылыктан көбүрөөгүн алып баруучулук жеңип кетти.

-Сен үчүн журналистика деген эмне?

— Журналистика бул коомдун күзгүсү десем болот. Журналисттик жумушту мен баатырдык жумуш катары көрөм. Анткени бир маалыматты ачыкка чыгарып, элге жеткирүү ар бир адамдын колунан келе бербейт. Журналисттерди калем кармаган баатырларга окшоштурам.

Алгачкы эфирге чыккан күнүң эсиңдеби?

-Ооба эсимде, биринчи эфирге чыкканда аябай толкунданып камера мени жеп жиберчүүдөй болуп, сүйлөй албай сүрдөп, ысып тердеп, режиссеруман сөз угуп, боюм кичине болгондуктан бутума да бийик кийип алгам, же аны чечип сала албай ал мага аябай тоскоолдук болгон. Ошол күн эсимде калган сары көйнөк кийип, Урмат Усенов байке менен ”Алтынчы күнү кечинде” аттуу программаны алып барганбыз.

-Алып баруучулуктан тышкары эмне менен алектенесиң?

-Чакан бизнесим бар. Бокс менен машыгам, андан тышкары өзүм үчүн ырдайм. Эң негизгиси көпчүлүк учурда алып баруучулук менен алекмин.

-Кино жаатында да көрүп калабыз, балким өз алдыңча элге бир жакшы тасма тартып, режиссер же сценарист болуу кыялыңда барбы?

— Кыялымда жок, миң уктасам да түшүмө кирген эмес. Режиссерлук көз караш өтө кыйын. Бул жааттагы адамдардын көз карашы башкача болот, алдын ала көрүп турушу керек. Мындай өзгөчөлүктөр менде жок.

-“Жылдыздар менен боулинг” деген теле долбоорду уюштуруп жатасың, уюштурууда кандай кыйынчылыктар болду?

-Кыйынчылык болгон жок, себеби мен жумушумду жакшы көрөм, ишимди сүйүп аткарам десем болот. Ошондуктан мен эфирде алып барып жатканда кыйналууну сезбейм. Албетте кыйынчылыктар болот, бирок ошонун артында көрөрмандардын жакшы ой-пикири баарын жууп кетет.

-Эфир алдына чыкканда бут тосуулар, терс көрүнүштөр болдубу?

-Кичине бут тосуулар болду. Жашоонун өзү бут тосууда. Кайда болбосун бут тосуулар болот, бирок бул нерсе сени курчутат. Кыйынчылыкка чыдай аласыңбы чыдай албайсыңбы тармак сеникиби деген бул сыноо да. Ошол сыноодон сынбай өтүп кетсең анда ошол кесип сеники. Ар бир болгон тоскоолдуктарды мен жакшылыка жоруп коем.

“Сүйүү керемети” тасмасы тартылып жатканда кандай кызыктуу окуялар болду?

-Тасма тартылып жатканда фильмдин соңунда бири-бирибизди торт менен урат элек, ошондо менин башыма торт келип түшүп, бетимдин баары торт болуп эле жатып калдым. Кыш мезгилинин соңу жаз айынын башталышы болуп, күн суук үстүмдө жука көйнөк бетим болсо торт. Ошол учур мен үчүн аябай кызыктуу болгон.

— Эсиңде калган унутулгус сүйүнүчтүү күнүң?

-Мен үчүн ар бир таңдын атканы сүйүнүчтүү. Эсимде калган унутулгус күн, өз эмгегим менен акча таап машина алган күнүм. Биринчи жолу рулга отурганым, Токтогул көчөсү менен Жаш гвардия бульварынан Турусбеков көчөсүнө чейин айдап келген учурум унутулгус. Аябай сүйүнүп мен да айдай алат экенмин деп аябай толкундангам. Азыр ошол көчөлөрдөн өтүп калганымда биринчи машина айдаган күнүм эсиме келет.

-Интервьюларыңдын биринде мага жөнөкөй, спорт менен машыккан мырзалар жагат деп айтыптырсың? Жашооңдо сен ойлогон мырзаны жолуктурдуңбу?

-Ооба жолуктурдум. Мен сүйлөшкөн балдар бүт эле спорт жаатындагы балдар болуп чыга келишет. Мен өзүм да таң калам. Анткени спорт адамдын ички жан дүйнөсүндөгү күчтүүлүктү тарбиялайт да, ошол себептерден менин жан дүйнөм күчтүү адамга тартылып, өзүнө ар дайым кам көргөн спорт менен машыккан мырзалар мени тартып турат.

-Үйдүн кенжеси эркеси экенсиң, ата-энең алыска турмушка чыгууңа каршы болсо керек?

-Ооба мурда айта берчүү жакын коңшубузга эле тий биз кийин картайып калганда сага кантип бармак элек деп, бирок азыр көп айтпай калышты буюрганы болот да дешип, буйрукту өзгөртө албайбыз да.

-Үй-бүлөң тууралуу сөз кылсак?

-Атам-апам өтө жөнөкөй адамдар алтымыш жашка чыгып калышты. Атам өмүр бою ишкерлик менен алектенип, машина айдап таксист болгон. Апам айылда чакан дүкөндү иштетет. Үй-бүлөдө үч бир туугандын кенжесимин. Байкем жана эжем бар. Турмушта орундарын таап, үйлөнүп жайланышкан. Байкемди баатыр ата деп коем, себеби 27 жашка чыкканча 3 кыз 1 уулдун атасы.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу