Айжан Нурмаханова: «Күйөөсүн колдой билген аны түшүнө билген аялзаты мен үчүн эң мыкты»

Табият берген сулуулук менен билимди катарлаш тарбиялап, кыргыз элине кызмат кылып ак менен караны калыс кароого багыт алган кыздарыбыздын бири Айжан Нурмаханова. Гиппократтын   антын берип, келечектеги мыкты дарыгер адистердин катарын толуктоо менен бирге шоу жаатында да талыкпай эмгектенип келет. Теле алып баруучулук, моделдик жана да өз кесиби болгон тиш даарыгерликти  чогуу айкалыштуруу менен бирге таалыкпай эмгектенип жаткан айымдарыбыздын бири.

Жаш ченеми? -25 жашта

Жылдыз төлгө? -Тараза

Билими?

— Кыргыз мамлекеттик  медициналык академиясынын  «педиатрия» факультетин бүтүргөм, азыркы учурда Кыргыз-Орус Славян университетинде «стоматология» бөлүмүндө экинчи билимимди алып жатам.

 Жердиги?

-Негизи жердигим Талас,  бирок, Бишкекте жашап Бишкекте чоңойгом.

 Иштеген жериңиз?

—  ТРК «Пирамидада» теле алып баруучу болуп эмгектенем. Аны менен бирге эле кесибим боюнча  стоматологияда иштейм. Бош убакыттарда клиптерге тартылып калам. Жакынкы убактарда ырчылык менен да алектенейин деген ниетим бар  буюрса.

 Жер которууга даярсызбы?

-Албетте даярмын. Бирок аз гана убакытка Бишкектен алыстасам керек. Себеби, Бишкек менин экинчи үйүм болуп саналат. Аз убакытка Ысык-Көлгө барганда  Бишкектен алыстай албасымды билгем, мейли ал Кыргызстандын ичиндеги жер болсун.

Жашоонун күтүүсүз белектерине даярсызбы?       

-Даярмын. Жашоодо көп нерселерге даяр турушубуз керек деп эсептейм. Биз билбейбиз да эртен эмне болуп кетээрин. Андыктан баарына даяр турушубуз керек.

Кайын журт менен бирге түтүн булатууга кандай карайсыз?

— Кыргыз эли илгертен эле кайын журт менен жашап келишкен. Мындан биз тоскоолдук көрбөшүбүз керек. Кыздын өзүнөн, тарбиясынан  да көз каранды  болот. Бактылуу болом десек кайын-журтту сыйлашыбыз абзел. Келечекте мен кайын журтум менен жашаганга албетте  даярмын.

Мыкты аялзаты кандай сапаттарга ээ болушу керек?

-Акылдуу, адамгерчиликтүү жана эң башкысы түшүнүктүү болуш керек. Күйөөсүн колдой билген аны түшүнө билген аялзаты мен учун эң мыкты.Ошолордун арасында  эне катары балдарына үлгү  деп Анжелина Жолини айтат элем.

 Жан дилиңиз менен даярдаган даам?

-Ашпозчунун билимин  алгандыктан  мен жасай албаган тамактын түрү  жок. Апам окуган жакшы болот деп эле мени окута берчү, ошон үчүн мен апама абдан ыраазымын.Камыр жууруп аны жайа да алам. 30-40 кишиге да жакшынакай кылып тамак жасап берип узатып коео алам.

 Чыныгы мырза сиздин көз караш менен?

-Cөзүнө бекем турган, кыйынчылыкта таштап кетпеген, ар дайым түшүнүп жана аны  колдоп турчу мырзалар чыныгы мырзалар болуш керек. Мен үчүн дал ушул сапаттар маанилүрөөк. Анан да берилгендик сапатты баалайм.

Алтынга тете мүнөзүңүз?  

-Ишенчээкмин. Кээде  ушул сапатымдын айынан жабыр тартып калам. Бирөө бир нерсе айтса эле ишенип калмайым бар.

 Сөзгө бексизби?

-Ооба сөзгө убадага бекмин.

Өзүңүз жөнүндө кызыктуу фактылар?

-4 дипломум бар

-Нардага кызыгам . Профессионалдык денгээлде ойнойм десем болот. Нарда дегенде бир окуя эсиме түшүп кетти . Эс алып отурган элек , бир бала келип өзүнчө эле тийишет. ”Өзүн сыйлаган ар бир эркек нарда ойнош керек”- дей баштады . Экөөбүз “каалоого” мелдешип кеттик. Эгер ал утса мен анын,  мен утсам ал менин каалоомду аткармай болдук.  Анан ал мактанган баланы 4:0 эсебинде утуп алдым . Бир да жолу уткан жок. Анан мен ага менин атымды жаздырып татуриовка тарттырасын десем жалынып жалбарган эле.

-Күнүгө эртен менен чуркайм. Спорт менен  алектенем.

-Жумасына 3 жолу машыгуучу залга( тренажерный залга) барып турам

 Хоббиңиз?

-Ырдаганды жакшы көрөм, нарда ойногонду жана да визажисттин окуусун да бүтүргөм боенгон,боенткон жагат.

Өзүңүздүн алтын эрежеңиз?

-Адамдардын көңүлүн калтырбоо. Анткени көңүл калып калгандан кийин аны кайра ордуна алып келүү мүмкүн эмес. Ошондуктан көңүл калтырбоого аракет кылам.

Сизди издеген адам кайдан таба алат?

-Фейсбуктан жана Инстаграмм баракчасынан  Aijan Nurmahanova деп издеп тапса болот.

Булак: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу