Айжан Акылбекова: «МУХТАРДЫ КЕП КЫЛГАНДАРГА ТЕҢЕЛГИМ КЕЛГЕН ЖОК»

– Айжан, саламатсыңбы? Акыркы учурда улам бир долбоор менен иштеп келесиң. Улуттун кызыкчылыгын көздөгөн долбоорлордун идеясы кандайча жаралды?
-Жакшы, рахмат. Акыркы убакта элечекке байланыштуу бир нече долбоордун үстүнөн иштедик. «100 элечек» аталышындагы долбоордон кийин «1000 элечек» кылалы дедим эле, бирок башкалар ушундай аталыш менен өткөрүп жиберишти. Анан биз өлкөнүн бардык аймактарын кыдырып, айымдарга элечек кийгизип, фотосессия кылдык. Бардык аймактарды кошкондо 600 чамалуу айымга улуттук кийим кийгизип, макияж жасап, сүрөткө тартып, интернетке жүктөдүк. Бул бизге эмнеге керек? Ойлоп көрсөм, биз тарыхта тилибиз, анан кийимибиз менен эле калат экенбиз. Ошондуктан улуттук кийимибизди даңазалагым келди. 600 айымдын ичинен бирөө гана «мага жакпайт. Кийип жүргөнгө ыңгайсыз го, уялам» деди.

– Элечекке чейин хиджабдар көргөзмөсүн да өткөрдүң эле. Көргөзүлгөн кийимдер сатыкка чыкпайт го, долбоорлор өзүн-өзү актайбы?

– Ооба, кийимдер сатылбайт. Ошондуктан долбоор өзүн-өзү актабайт. Көп жерлерде көргөзүлгөндүктөн, эскирип деле калат. Көргөзмөгө келгендер «ушул көйнөк жагып калды, каяктан сатып алсак болот?» дей башташты. Ошондон улам мага идея келип «Оймок арт» студиясын ачып, сатылчу кийимдерди ошол жерге коё баштадым. Студияда чакан цехибиз бар, улуттук кийимдерден кеп такыя, элечек, белдемчи, көйнөктөр тигилет. Кандайдыр бир долбоорго киришкенде студиядагы кийимдерди арзан сатып түгөтүп, андан түшкөн каражатты долбоорго жумшайбыз. Андан сырткары жеке керектөөмө жумшалчу каражатымдан кошом дегендей.

– Жеке керектөөңө жумшалчу акчаны кошкондо кандай, жолдошуң калтырып кеткен каражаттан кошосуңбу же башка ишкерлик менен алектенесиңби?

– Албетте, Мухтардан балдарына тиешелүү нерсе калган. Балдардын ырыскысын тартып алып элге чачып ийген да туура эмес. Мен өзүмдүн студияма байланыштуу иштер менен гана алектенем. Бир долбоор бүткөндөн кийин экинчиге идея бар, бирок каражаттын тартыштыгынан же акчам топтолгуча деп күтүп калам. Долбоорлор менен жаңыдан иштей баштаганда Мухтардын бир туугандары жардам беришти. Ал кезде кырдаал бир аз башкача болчу. Мухтардан айрылгандан кийин мен ойлонгонго, бош отуруп калганга убакыт калтырбашым керек эле. Эч нерсеге алаксыбай койсом мен өзүмдү таптакыр жоготуп алмакмын. Мисалы, күнүнө коротулчу 1000 сомдун да 200-300 сомун үнөмдөп калам. Мода кубалабайм, улам машина которбойм, болгонуна топук кылып жүрө берем. Жаңыланганга кетирчү акчаны долбоорго жумшоо үчүн чогултам.

– Башынан эле үнөмдүүсүңбү же кийин пайда болдубу?

– Жакшы суроо. Мен мурун үнөмчүл эмес болчумун. Мухтар барда эч нерсени ойлобой эркелеп жүрчүмүн. Ал өтүп кеткенде эртеңимди, балдарымды ойлоп отуруп ушул сапат пайда болду. Мухтардын каза болушу мага сабак болду. Байлык сенин жаныңды же ден соолугуңду сактап калбайт экен. Колдо бар нерсени туура жумшап, туура пайдалансаң сенин утушуң ушул болорун түшүндүм. Күйөөсү бар аялдын таянары болот, эркелейт, балким, жашоону майда-чүйдөсүнө чейин ойлонбойт. Биз, тескерисинче, ар тараптан бышык болгонго аракет кылабыз. Ар нерсеге көңүл буруп, таарынып, ыза болуп, ыйлап отуруп алуу деген жок. Мен өжөр, балким, бир аз мерез да болуп калдым. Бул сапатты жакшы деп айта албайм. Бирок айла жоктуктан келип чыкты.

-Балдарың чет өлкөнүн системи менен билим алат экен, кайсы мектепте окушат?

– Балдарым Эл аралык Кембридж мектебинде окушат. Улуусу 5-классты, ортончусу 3-классты, кичүүсү 1-классты аяктады. Убагында Кыргызстан мага аябай тар болуп, бул жерден көчүп кетким келген. Ошондон улам балдарымды англис тилиндеги мектепке бергем. Сыртка чыксам эле Мухтарды эстеткен жерлер. Бирок балдарымдын туугандары кетирбей коюшкан. Ал кезде балдарым да кичинекей, анын үстүнө өзүм да ооруп жүргөм. «Ар бир нерсенин артында жакшылык бар» дегендей, азыр кетпей калганыма сүйүнөм. Анткени башка жерге барсам деле оюмда Мухтар болмок экенин кийин түшүндүм. Менин үйдөн да жаным тынбайт. Балдарым «апа, сизди аяйбыз. Иштей берип арыксыз. Кантип сизге жардам берсек болот?» дешкенинен «силер жакшы окусаңар төлөө акысынын 50 пайызы азаят. Мага жардам бергениңер ошол» дегем. Ошондон уламбы, үчөө тең жакшы окушат. Жакшы окушкандыктан, анын үстүнө 1 үйдөн 3 бала окугандыктан бизге арзандатуу бар.

– Балдарың айтмакчы, чын эле өтө арыктап кетипсиң…

– Акыркы учурда башым ооруп жүрөт. Израилге барып, нур терапиясын алып келгем. Жыл сайын дарыланып турам.

– Акыркы күндөрү Айчүрөк Иманалиева менен Анжелика бири-бирине болгон ич күптүлүгүнө Мухтар Өмүракуновдун ысымын аралаштырып жатышат, оор тийген жокпу?

– Көзү өткөн адамдын артынан бир гана жакшы сөздөр айтылышы керек. Биз ал ырчыларга жөн гана теңелбей коёлу дедик.

– Мурун Мухтар байкенин биринчи жубайы жөнүндө эч нерсе айтпай, жазбай, сүрөтүн да илчү эмес элең.

– Апам айтмакчы, ортобузда талашкан эч нерсебиз жок. Бири-бирибиз жөнүндө жаман айтышпаганыбыз Мухтарга болгон сыйыбыз деп билем. Ал мен жөнүндө же мен ал жөнүндө айтпай койсок деле Мухтардын 2 үй-бүлөсү бар экенин эл билет. Эки үйдүн балдары бир тууган катары жакшы катташат, анткени алар Мухтардын балдары, эч ким чек коё албайт.

– 2 аял алууну мыйзамдаштырабыз дегендер бар. Бул нерсеге башынан өткөргөн аялзаты катары көз карашың кандай?

– Куранда 4 аял алууга уруксат. Бирок бардык никеси жашыруун болбошу зарыл. Дин боюнча илими жок адамдын бир нече аялга адилет мамиле кылуусу, аларга жоопкерчилик алуусу кыйын маселе. Биздин коомдо бир аялдын жоопкерчилигин көтөрүп жүрүү да оор. Башымдан өткөргөн аялзаты катары айтсам, биздин коомчулук азыр буга даяр эмес.

– Мухтар байке 2 жубайына бирдей мамиле кыла алдыбы? –

Бирдей мамиле кылды. Ошондуктан азыр 2 үй-бүлөнүн тең нааразычылыктары жок, көзү жокто да сыйлап, сөз тийгизбегенге аракет кылып келебиз.

– Рахмат маегиңе, ишиңе ийгилик!

Булак: super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу