Айжан Акылбекова: «Колумдан келген ишти элге кылып берүүгө милдеттүүмүн»

Айжан Акылбекова деген ысымды атаганда «Апамдын махабаты» аттуу кыргыз сериалын эстебей коюуга мүмкүн эмес. Андагы узун чачтуу секелек кыз — учурда үч баланын мээримдүү энеси, кыргыздын чыныгы аялынын жүзү. Айжан айым апрель айынын он күнүн энелердин улуттук баш кийими болгон элечекке арнап, аймактарды түрө кыдырып келди. Эли үчүн анча-мынча эркектерден артык иштерди кылып келе жаткан асылзат менен долбоор үстүндө маек курдук.

– «Элечек ээсиз турбасын» долбоору кандай жыйынтыкталды? Натыйжа сиз ойлогондой болдубу? 
– Долбоорубузду Каракол шаарынан баштадык. Себеби буга чейин элечек кийгизген башка долбоорлорубузда алыскы аймактагы эжелердин, энелердин да каалоолору болуп, бирок алар бул мүмкүнчүлүккө ээ боло албай калышканын байкаганбыз. Ошол себептен бул ирет максаттуу түрдө алыскы аймактарды тандадык. Жети дубандын баары жакшы кабыл алып, биз ойлогондон да жигердүү катышып беришти. Аз дегенде бир күндө 50 айымга элечек кийгиздик. Сапарыбыздагы рекорддук көрсөткүч Ош шаарында болду. Ал жактан бир күндө 124 айымды боёнтуп, кийинтип, сүрөткө түшүрүп, элечек тууралуу айтып берип тейледик. Түштөнүүсүз иштеп, кечинде абдан чарчап калдык. Ал эми Бишкек шаарынын тургундарында суроо-талап көп болгон үчүн пландан тышкары дагы бир күн кошуп, эки күн ичинде 180 айымга элечек кийгиздик. Натыйжада республика боюнча 600гө жакын айым кийишти.

– Долбоордун башкы идеясын айтып кетсеңиз?
– Ислам динине келгени кыргыздын кийимдерин изилдеп, анын шарият талаптарына жооп берерине абдан кубандым. Анан аны күнүмдүк жашоого алып келгим келди. Улуттук кийимдерди күнүмдүк жашоодо кийип жүрүү менен маданиятыбызды элдин эсине салып, керек болсо дүйнө элине таанытуу мүмкүн экенин билдим. Кыргыз – уникалдуу эл. Ал маданиятты башкалардан үйрөнбөйт, тескерисинче, башкаларга мактана турган, үлгү боло турган маданиятка ээ. Анан да адам баласы бул жашоодо колунан эмне келсе ошону аткарып кетүүгө милдеттүү. Менин колумдан ушул иш келип жаткан соң аны элге жеткирүү менин милдетим деп, бул идеянын алкагында алек болуп келем.

– Командаңызда канча адам иш алып барды жана канча элечек ородуңуздар эле?
– «Оймок арт» кийим студиябызда 4 адам иш алып барабыз. Ал эми бул долбоордо айдоочуну кошкондо 7 адам бир топ болдук. 400-500 элечекти ороп даярдоого мүмкүн болгону менен, аны унаада алып жүрүү мүмкүн эмес эле. Ушул жагын эске алып долбоор үчүн 15 элечек гана орогонбуз. Ар күнү кечинде элечектерди жандырып жууп, үтүктөп, кайра ороп эртеси күнгө таптаза алып чыгып жаттык. Ынтымак менен иш алып барган командама терең ыраазычылык билдирип кетем. Ар ким өзүнө тиешелүү милдет менен чыкканына карабастан, ишке келгенде баары бирдей эле кылып жатышты. «Жоону сайса эр сайды, аты калды Манаска» болуп, мындай иште аты чыгып калган адамдын эле ысмы айтыла берет экен. Чындыкка келгенде бул долбоордо да, «Оймок арттын» иштеринде да мага идеялаш эже-сиңдилердин эмгеги абдан чоң.

– Элечекти өзүңүз да оройсузбу?
– Жок, мен элечек орогонду билбейм. Буга чейин бизге Женя деген эже ороп берчү. Бул долбоор үчүн айылдан апам (ред: кайненем) келип эки кызга элечек ороону үйрөтүп кетти. Аймактарда ошол эки кызыбыз ороп жатты. Мен болсо кол өнөрчү да, дизайнер да эмесмин, уюштуруу, жетектөө иштерин гана кылам.

– Канча элечегиңиз бар? 
– Чынын айтсам, азыр бир эле элечегим калды. Жаңы оротуп кийгенимди жактырып сурагандарга кармата салам. Элечекке кыргак тагып койсо эле бири-бирине окшобой чыга келет. Ошол үчүн элечектерим көптөй таасир калтырса керек.

– Мындай иштин артында чоң каражат болору белгилүү. Каражат маселесин кандай чечтиңиз? 
– Биздин «Оймок арт» кийим студиябыздан түшкөн каражаттардын бардыгы биз кылып келе жаткан долбоорлорго жумшалат. Атайын демөөрчүбүз жок.

– Деги эле акчаны башкаруу оңой эмес, акча тууралуу окуп, үйрөнөсүзбү? 
– Жок, акча тууралуу окубайм деле. Бизнесмен адам менен жашап калбадымбы, ким менен жашасаң анын жашоосунан, баскан-турганынан сөзсүз үйрөнөт экенсиң. Ал жашоом мага абдан сонун сабак болгон десем болот. Ошонун негизинде эле иштеп келе жатам.

– Социалдык баракчаңызга Куранды окуп жатканыңызды жаздыңыз, араб тилин канча убакта үйрөндүңүз? 
– Араб тилин үйрөнүү кыйынга турган жок. Бир кыргыз, бир түрк устаз эжелерден бир ай сабак алып, Куранга түштүм. Китеп жашоомдун негизги бөлүгүн ээлейт. 300-400 барактуу китепти 4-5 саатта окуп бүтөм. Долбоор болуп жатканда да китептен алыстаган жокмун. «40 хадис» деген китепти жаныма салып жүрүп, күнүнө жок дегенде экиден хадис окуп жаттым.

– Балдарыңыз кандай чоңоюп жатышат? 
– Кудайга шүгүр, жакшы. Улуу уулум 11ге, экинчим 10 жашка чыкты. Кенжем 7 жашта. Мен өзүмдү ислам динин кабыл алганым жана балдарымды удаа төрөп алганым үчүн сыйлайм. Көпчүлүккө белгилүү болгондой, балдарымды исламдын негизинде тарбиялайм. Бирок жыш иш графиги менен иштегеним үчүн дайыма жандарында боло албай же күнүгө өз колум менен тамак жасап бере албай каларым чын. Мындайда апам жардамдашат, жардамчыларым бар. Бирок дем алыш күндөрү талаптуу түрдө убакыт бөлүп, ар биринин каалаган тамактарын өз колум менен жасап берем. Үчөө үч башка тамак айтса, үч башка тамак жасоомо туура келет. Балдырым беш бармакты абдан жакшы көрүшөт, бирок менин жасаганым чоң энесиникине жетпей, балдарыма анча жакпай жүрөт.

– Уулдарыңыз өспүрүм куракка келип калыптыр, келишпестиктер жаралабы? 
– Өткөндө улуу балам мени сүйлөшүүгө чакырып: «Өспүрүм курагым өтүп кеткенче, 2-3 жыл мага чыдап турасыз го», — дейт. Мен: «Балам, баарын ортого исламды коюп туруп чечебиз. Мен сага, сен мага сабыр кыласың», — деп түшүндүрдүм. Буюрса, Исламдын алкагында бул убакыт бизде жеңил өтөт деген үмүттөмүн.

– Кандай эс аласыз? 
– Өзгөчө жоолук салынганымдан кийин менде жашоо образы таптакыр өзгөрдү. Мусулман адам тирүүсүндө Алла ыраазычылыгы үчүн колунан келген бир ишти алып кетиши керек. Ушуну билген соң менде эс алуу кыскарып, илхамды күтүп отуруу жоюлган. Кээде иштеримди каалоом болбой турса да жыйынтыгына жакшы үмүт кылып күч менен жасай берем. Анан адам сөзсүз чарчайт. Менин эс алдыруучум – жаратылыш. Бир жумада бир балдарымды алып сөзсүз түрдө жаратылыш койнунда болом. Балдарым азыр кичине болгонго анча түшүнө беришпейт, бирок эрежеге баш ийишет.

Гүлайым КАЛЫБЕКОВА

Булак: Леди.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу