Айжамал Кабылова, ырчы: “Балдарым атайын курстарга барышат…”

Кызым 3-класс, балам 2-класста окуйт. Чынын айтсам күндө отуруп бирге сабак окуй албайм. Мектептен кийин кошумча сабактарга барып окушат. Үйгө келгенде күндөлүктөрүн, тапшырмаларын текшерип коём. Сабактарын өзүм окутуп калган күндөрү тапшырмаларын түшүнбөй калсам мугалимине чалып сураган күндөрүм болот. Мага эмнегедир тапшырмалары биздин убактагыдай эмес, бир аз татаалдай сезиле берет.

БУЛАК: Леди.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу