Айжамал Кабылова: «Мен ырдап жүргөндө Кенже эжең Сайкалды багат эле…»

Ырчы Кенже Дүйшееванын өздүк баракчасындагы ырчы Айжамалга карата жазылган  постуна Айжамал Кабылова  жооп берди. Анда ырчы Айжамал бир гана пост жазып гана тым болбостон ар бир интернет колдонуучунун жазып калтырган билдирүүсүнө жооп берип жатты.

Ырчы Кабылова: «Кээ бир адамдар чындыкты айтуу сезиминен ажыратылган. Бирок алардын калпы чындык жыттанат! А бул мени эс алдырат. Себеби мен бийикмин! Аллах мени менен! А сен болсо өзүңдүн чирик дүйнөң мененсиң!», -деп жазып калтырды.

Көпчүлүк интернет колдонуучулар Кенже Дүйшееваны колдоп, «Айжамал Кенже эженин жакшылыктарын кантип жаныңа жолоткуң келбейт?», «Калп дейсиң, жообуң ушулбу, сен дагы жазып чыкпайт белең?», «Сенин тарбиясыз экениңдин белгиси»-деп жазса  дагы бири,» Садыбакасова деген фамилияны көрүп, Кенженин жаттатканына ишенип жатам»-десе, анда ырчы Айжамал, «Мен ырдап жүргөндө Кенже эжең Сайкалды багат эле»-деп жооп калтырган.

БУЛАК:  argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу