Айжамал Кабылова ак өргөөлүү жана ак тулпарлуу болду…

Ырчы Айжамал Кабылова Ош шаарынан ак өргөлүү болду жана ага удаалаш эле темир тулпар алды. Бул тууралуу ырчы өзү жарыялабаса дагы анын жакындарынын бири ырчы кыз Асель Касымова жеке баракчасына куттуктап жазды.

«Ак ийилет, бирок сынбайт» деген ушул. Көзү менен көрбөй туруп, жаман сөздөрдү жазган арам ойлуу диванный эксперттерге жооп. Айжамал эже ошол адамдар айткан, жаман жолдо жургон адам болгондо кудай деле колдобосо керек эле. Бул жашоодо кудайдын козу туз болсун деген эн туура соз. Кудай алдында ак адам экен, аз убакыттын ичинде коп нерсеге жалгыз, эч кимдин жардамысыз жетишти! Айжамал эже, алган машинаныз, ак оргонуз кут болсун!!! Эн негизгиси кудай дайым колдоп журсун, калганы оз ордуна коюлат деген созду сиз далилдединиз. Уй-булоодо апанын да, атанын да милдетин аткарып, эки баланы тарбиялап, ак эмгек менен максаттырынызга жетип келе жатасыз. Ар дайым бийиктиктерди багындыра бериниз! Кут болсун дагы бир жолу!!!»-деген билдирүү калтырды.

Ал эми Айжамал ак өргөөсү тууралуу буларды айтты: «Ош шаарында жаңы курулуп бүткөн көп кабаттуу үйлөрдөн 2 бөлмөлүү батир алдым. Балдарым Ош шаарында окуйт. Анын үстүнө ата-энеме дагы жакын. Буюрса ак өргөбүзгө кирип жашаганга саналуу эле күндөр калды. Ал эми жаңы унаам тууралуу айтсам, бул менин төртүнчү унаам. Унааны атайын Европадан буюртма менен алдырттым. Үлгүсү Honda CR-V3. Мен жетишкен ийгиликтин баары, менин балдарымдын ырыскысы деп билем»

БУЛАК:barometr.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу