Айдин, Эльвира: «Үй-бүлө болуп калышыбызга апабыздын салымы чоң…»

«Жалгызым, ай», «Көлөкөм», «Тушалган махабат», «Сүйүү мага келе элек» аттуу ырлардын аткаруучусу Айдин Шер жаштардын эсинде эле болсо керек. Ал чыгармачылыктан бир аз алыстай түшкөнсүп, бирок күйөрмандарын сүйүнтүп кайра жаңы чыгармаларды жаратууда. Анын шоу дүйнөсүндө тыныгуу алышына үй-бүлө курганы да себепкер десек жаңылышпайбыз. Биздин «Кош жүрөк» аттуу рубрикабыздын бүгүнкү маектештери Айдин Шер жана анын жубайы Эльвира.

-Айдин, Эльвира, кандайсыңар? Кызыңар чоңоюп силерди кубантып жаткан чыгар?
-Э: Ооба, кызыбыз Айбийке быйыл 3кө чыкты. Айбийкенин ар бир кылыгына Айдин экөөбүз жыргайбыз. Бизди күлдүрүп эле жатканы. Мисалы, бир нерсени туура эмес кылып жатса, урушуп койсом ыйлабайт. Акырын келип мени кучактап өөп: «Мама, я тебя люблю»,-деп бат эле алдап коёт да, баягы кылба деген нерсени жасай берет. Анан уруша албай эле отуруп калабыз.

-Айбийке атасына куюп койгондой окшош. Атасына жакынбы же сагабы? 
-Э: Мен жумушка кеткенде Айдин менен эле калат. Бирок күндүз кечке мени издейт экен. Атасынын жанында санаасы тынч болгону менен баары бир балага энеси биринчи орунда турат го деп ойлойм.

-Үй-бүлөлүк жашоонун ачуу-таттуусун татып эле калгандырсыңар. Силердин оюңарча үйдө уруш-талаш болбош үчүн эмне кылыш керек? 
-Э: Кандай иш болбосун түшүнүү менен карап, эмоцияга алдырбай жай отуруп чечиш керек. Бири-бирине жеңилгенди билиш керек. Үй-бүлөнүн башчысы эркек десе эле аялына кол көтөрүп, сөз сүйлөтпөй койгон мырзалар бар. Мындай мамиледен, албетте, кандай гана аялзаты болбосун чыйралып, жашоодо күчтүү болгонго аракет кылат. Анан эле «азыркы кыз-келиндерде назиктик жоголду» дегендер бар. Аялдын аял атын өчүрбөй жакшынакай кылып алып жүрүү анын өмүрлүк жолдошунун милдети. Кудайга шүгүр, Айдинде мырзалык жакшы сапаттардын бардыгы бар. Үй-бүлөгө карамдуу, мыкты уул, мыкты жолдош, мыкты ата.

-А: Азыр канча деген үй-бүлөлөр бузулуп жатат. Сурай келсең ал чыр жөнөкөй эле пикир келишпестиктен улам чыккан. Мен ойлойм, алгачкы никеден таттуу, ыйык эч нерсе жок деп. Ошон үчүн үй-бүлөбүздүн очогун олуттуу себепсиз бузуп албай, аракет кылып жакшы жашап кетсе болот.

-Кантип таанышып, кыз-жигит болуп калдыңар эле?
А: 2012-жыл болчу. Мен анда Түркиядан жаңы Бишкекке келгем. Ал учурда апам Москвада болчу. Анан апам чалып калды, «балам, сени «Миллиондук мелдеш» деген киного тартат элек деп издеп жатышат» деп. Мен дароо аталган тасманын жаратуучулары менен байланышып, сценарийин окуп көрүп, алар сунуштаган ролго макул болдум. А Эльвира болсо тасмадагы башкы каармандын курбусунун ролун ойноого бекитилиптир. Мен болсо баш каармандын жигитинин жардамчысынын ролун ойномок болдум. Ошентип тасма тартуу учурунда экөөбүз көп жерден кез келип отуруп, бири-бирибизди жактырышып калдык. Мына ошондон тарта бат-баттан жолугушуп, кыз-жигиттик доорубуз башталды. Анан сүйүүбүз минтип үй-бүлө курууга чейин жетти.

-Ошондо силердин мамилеңерге апаңдын түздөн-түз катышы бар экен да?

-А: Ооба, «биздин мамиленин түптөлүшүнө сиздин чоң салымыңыз бар» деп азыр Эльвира экөөбүз тең апама рахмат айта беребиз.

-Үйлөнгөндөн кийин романтика жоголуп кетет деп коюшат. Силерде кандай болду?
-Э: Романтика азыр деле бар. Албетте, сүйлөшүп жүргөн учурга караганда бир аз азайды. Анткени үй-бүлөлүк жашоо оюнчук эмес да, аз да болсо жашоого олуттуураак карап каласың. Ашыкча акча болсо бекер эле чача бербей үй-бүлөнүн кем-карчын толуктагың келет. Ошентсе дагы Айдин майрамдарда, кээде себепсиз деле гүл же башка белектерди алып келип сүйүнтүп турат.

-Айдин, кээде мырзалык кылып үйдөн тамак жасаган учурлар болобу? 
-А: Ооба, болот. Кээде жасап калам, апам менен жубайым менин колумдан тамак жешсин деп.
-Э: Палоону аябай жакшы басат. “Сенин палооңду сагындым, жасап берчи?!”,- десем сөзсүз жасап берет.

-Эльвира, кайсы кесиптин ээсисиң? Учурда эмне менен алектенесиң?
-Э: Мен Кыргыз-Түрк Манас университетинин Коомчулук менен байланыш жана реклама факультетин бүткөм. Бирок азыр кесибим менен иштебейм. Визажисттин курсун бүтүп, учурда сулуулук салонунда визажист болуп иштейм.

-Айдин, бир убакта «ырдабайм, болду, шоу-бизнестен көңүлүм калды» дедиң эле. Бул чөйрөгө кайра келгениңди кандай түшүнсөк болот?
-А: Ооба, антип айтканым чын. Уярунда продюсер менен болгон чырдашуудан улам чын эле ырчылыктан көңүл калып, шоу-бизнеске аралашпай эле коёюн деп чечкем. Бирок мен ырсыз жашай албайт экенмин. Мен айтпайм, элге эмгегим сиңген укмуш ырчымын, сонун ырдайм деп. Бирок ырдагандан кадимкидей эс алам. Ырчылык өзүмө дагы жагат. Ошол кичинекей болсо дагы талантымды күйөрмандарыма тартуулап, ырдап эле жүрө берейин деп жыйынтык чыгардым.

-Азыр Динара Эсенгулова менен мамилең жакшыбы?
-Ооба, жакшы. Көптөн бери көрө элекмин Динара эжени. Бирок жолугуп калсак дайыма саламыбыз түз. Убагында жаштык менен туура эмес кылганымды моюнума алам. Чынын айтканда, менин Айдин Шер деген атым элге таанылганына Динара эженин салымы зор. Ал үчүн ага чоң рахмат айтам, абдан ыраазымын.

-Анан, көз карандысыз ырчы болгон жактыбы, же баары бир продюсердин колдоосу керек бекен?
-Согуш талаасында жалгыз жоокер болуу кыйын дегендей, жалгыз иштегенде бир аз кыйынчылыктар болот экен. Ошон үчүн азыр менеджер менен иштешип жатам. Буюрса, чыгармачылыкта чоң пландар бар. Убагы келгенде элге сунуштайлы деп максат кылуудабыз.

-Азыр хит болуп жаткан «Толкундайм» деген ырыңдын клибине келинчегиң өзү тартылыптыр…
-Бул чыгарманы ырчы досум Амир Аскаров өзү ырдайм деп жараткан экен. Мурун ал мага бир ыр жазып берем деп убада кылган болчу. Анан аталган ырды мага көрсөтүп, эгер жакса ырдап чыга бер деп калды. Окуп көрүп мааниси, обону жагып калды. Ырдын саптарында өмүрлүк жолдошунун жарына арнаган сүйүү сөздөрү болгондуктан, дароо эле клипке Эльвираны тартууну туура көрдүм. Көптөн бери чыкпай жүрүп эле, анан клипке башка кызды тартсам туура эмес болуп калмак.

-Башка ырчылар сыяктуу эле тойлордо ырдап жүрөсүңбү?
-Ооба, тойлорго көп эле буюртмалар түшөт. Чынын айтканда, азыр ырчылардын көпчүлүгүнүн каражат табуу булагы – тойлор десем жаңылышпайм. Эч кандай бизнесим жок. Мен ырдап, келинчегим айымдарды сулуулап эле үй бүлөбүзгө жетчү каражат таап жатабыз.

-Эльвира, чыгармачыл адамдын жубайы болуш кыйын бекен?
-Э: Ооба, башында көнө албай жүрдүм. Тойлордо ырдап кеч келгенде, күйөрмандары менен сүрөткө түшкөндө бир аз кызганыч сезимдери болду. Жолдошуңду кантип кызганбай коёсуң? Бирок азыр көнүп калдым. Алар жөн гана күйөрмандар да. Азыр дайыма Айдинди колдоп, чыгармачылыгыңды өркүндөт деп турам.

-Киного тартылууга дагы сунуштар түшүп жатабы?

А: Сунуштар түшүп эле жатат. Бирок тасмада роль жаратуума келинчегим каршы. Кызганыч сезимдери бар бир аз. Мен муну туура эле кабыл алам.
-Ошондо мындан ары тасмага тартылбайт экенсиң да?
-А: Ооба, Эльвиранын уруксатын күтүп жүрөм. Тартыл десе тартылам. Тартылба десе, анда болду, кино дүйнөсүнүн эшиги мен үчүн жабылат (күлүп).
-Э: Менин уруксатымды албай калдың го (күлүп)…

Маегиңерге рахмат. Бактылуу болгула!

Аргумент.kg
Жооп калтыруу