АЙДАРКЕНДЕ СЕЛ ЖҮРҮП ҮЙЛӨРДҮ СУУ КАПТАДЫ

ӨКМнин басма сөз кызматы билдиргендей, Баткен облусунун Кадамжай районундагы Айдаркен шаарында сел жүрүп, турак жайларды каптады.

Маалым болгондой, 15-май күнү кечки саат 19:40тар чамасында Айдаркен шаарында каттуу жамгыр жаап, анын кесепетинен сел жүргөн. Селдин суусу арыктарга батпай, жолдорго чыгып, натыйжада 11 турак жайдын жана 17 короонун ичине суу кирген.

Ошондой эле 5100 метр аралыкта ички чарбалык жолдорду жана 3200 метр аралыкта ички чарбалык арыктарды басып, 5 даана электр мамычасын, 1 жеңил унааны агызып кеткен. Жабыркагандар жок. Учурда шаардык жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Булак:Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу