Айдарбеков: ТИМдин башчылыгы тууралуу сунуш мен үчүн күтүүсүз болду

Тышкы иштер министри кызматына талапкер Чыңгыз Айдарбеков бул мекемени жетектөө жөнүндөгү сунуш ал үчүн күтүүсүз болгонун билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн парламентте сүйлөп жатып айтты. Ошону менен катар Айдарбеков жаш болсо да толук иштеп берүүгө даяр экенин кошумчалады:

— Көпчүлүк үчүн мен жаш көрүнөт окшойм. Бирок кеп анда эмес. Сөзсүз чоң жоопкерчиликти сезем. Мага бул жагдай күтүүсүз болду. Бирок толук кызмат кылууга мен даярмын.

Жогорку Кеңеш бүгүн Кыргызстандын тышкы иштер министри кызматына Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин бир добуштан колдоду. Добуш берүүгө катышкан 101 депутаттын баары тең «макул» деп добуш берди.

Айдарбековдун талапкерлигин көрсөтүп парламентке өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев өзү барды. Жогорку Кеңештин чечиминен кийин президент жарлык чыгарат.

Буга чейинки министр Эрлан Абдылдаев өткөн аптада өз каалоосу менен иштен кеткен.

Чыңгыз Айдарбеков 41 жашта. ТИМ системасында атташе, катчы, бөлүм башчы болуп иштеген. Кыргызстандын Өзбекстандагы, Түркмөнстандагы элчиликтеринде убактылуу ишенимдүү өкүл, кеңешчи болгон.

2011-жылы президенттик аппараттын тышкы байланыштар жана протокол бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары, 2012-2016-жылдары Жогорку Кеңештин аппаратында протокол бөлүмүнүн жетекчиси болуп эмгектенген.

Ал эми 2016-жылдын апрелинен тартып Кыргызстандын Жапониядагы элчиси болуп иштеп келе жаткан.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу