Айданбек Акматов: “Бийлик катуу аракетке өткөндө Бабанов максатынан баш тартууга аргасыз болду”

— Бул жерде маселе бир аз татаалыраак. Кырдаал Бабановдун келишине кандай болду, ошого байланыштуу да. Биринчиден Бабановдун келээри алдында Атамбаев курултай өткөрүп, Президент Сооронбай Жээнбековго каршы чоң бир акцияларды баштаймын деп коркутуп, өзүнүн күчүн көрсөтүүгө аракет жасаган учурда бийлик тараптан бир аз унчукпай кала берген учур болду ошол кезде. Мына ошондо Бабанов менен Москвада сүйлөшүп келген Камчыбек Ташиев Атамбаевди кайсы бир деңгээлде мактап- жактап, бул КСДП Атамбаев менен гана КСДП болгон деп айтып, биз өкмөттү кетсин деп, Бабановду келет деп бийликке эки тараптан кысым жасалды. Бир жагынан Атамбаев кысым жасаса, экинчи жагынан Ташиев менен Бабанов кысым жасады. Экөө биригип алып, өкмөт кетсин тигиндей кылабыз, мындай кылабыз дегендей таризде. Мына ошол учурда бийликте бир гана арга калды окшойт, алар эгерде Ташиев менен Бабановдун кысымына туруштук бере албай өкмөттү берип койсо, анда алар төбөгө чыгып бардык саясий демилгени колго алып, президентти алсыратып коймок. Ошондуктан бийлик бардык күчүн жумшап, бардык административдик ресурсун колдонуп, сотторду, мэрлерди дагы Бабановдун келишине каршы коюп өзүнүн максатына жетти. Бабановго өздөрү суранган жерге ошол маалда митинг өткөрүүгө уруксат бербеди. Мурдагы иштери боюнча кылмыш иши козголду, мурдагы банк иштери боюнча арыздар катталып, карала баштады. Ушундай иштердин бардыгы Бабановго карата келтирбөө максатында жасалган кысым болду. Коркоктук кылды дегендей себепти айта турган болсок, чын эле корктубу, чочудубу ушундай бир сезимдердин негизинде келбей калды. Эми качан келет, жакында келем деп жатат, анысын билбейбиз. Бирок факт, бул бийлик аябай катуу аракетке өткөндө, ал келем деген максатынан баш тартууга аргасыз болду.

Булак: Жаңы ОРДО

Аргумент.kg
Жооп калтыруу