Айгүл: «Күйөөм «Балдарды бербейм!»- деп үйдөн кууп чыкты…» Эмне кылсам?

Күйөөм менен 3 айдан бери жашабайм. “Билгениңди кыл! Балдарды бербейм! Керек болсо алимент төлөтөм” деп үйдөн кууп чыкты. Каралар менен тааныш, бир нерсе дештен корком.

Экөөбүз 7 жыл Москвада иштедик. Топтогон мүлкүбүздүн баарын кайын журтума каттап койгон. Бир гана камаз өзүнүн наамында. Менин атыма 400 000 сом насыя алганбыз, 3 айдан бери төлөнө элек.

Сотко кайрылсам, тапканыбыздын жарымы менен балдарды алып бере алабы? Сотто баланын пикири эске алынат экен. Ошондо мен балдарыма да ээ боло албай каламбы? Себеби алар кайындарыма көнүп калган.

Жолдошоум “баарына сен күнөөлүсүң” деген. Туура, кайын энеме  “Өзүңүз айткан жаш кыздырды алып бериңиз, кетсе кетейин” деп каяша сүйлөгөм. Ушул сөзүм ажырашууга жеткирди.

Эми кандай кылам? Москвага кете албайм. Төлөнбөгөн насыя үчүн үстүмөн иш козголобу деп кабатыр болуп жүрөм. Суранам кеңеш бериңизчи!

Нурислам Раимжанов, юрист

Урматтуу айым, ажырашуу маселесин экинчи орунга жылдырып, биринчи балдарды алууну ойлонуңуз.

Балдарыңыз жашап жаткан аймактын жергиликтүү социалдык коргоо башкармалыгынын балдарды коргоо бөлүмүнө арыз жазып, паспорт жана балдарыңыздын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн (бар болсо) көчүрмөсүн тиркеңиз. Социалдык коргоо башкармалыгы кайын энеңиз менен жолдошуңузга түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Эч кандай жыйынтык чыкпаса, башкармалык жазып берген корутунду менен сотко кайрыласыз.

10 жаштан жогору балдардын оюу угулат. Соттун чечими жолдошуңуздун пайдасына чыкса,  сизге балдарды көрүп турганга укук берилет.

Сот адилеттүү чечим чыгарат деген үмүтүм бар. Ийгилик!

БУЛАК:bilesinbi.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу