Айгүл Асанбаева: «Садыр абакка түшкөнчө президент менен мамилебиз жакшы болчу..»

— Жакын арада Садырдын бошотулушу мүмкүн деп ойлойсузбу?

— Ооба, өтө чоң ишеним менен, үмүт менен күтүп атабыз.

— Президент Жээнбеков менен Садыр Нургожоевичтин эскиден мамилелери жакшы эле го. Сиздин оюуңузча эмне үчүн Президент катары баарын көрүп-билип туруп, сот жана тергөө органдарына калыс карагыла дебейт?

— Ооба, мамилелери абдан жакшы болчу. Үй-бүлө менен катышып, чай ичишип эле жүрчүбүз. Маселенин бул жагы мен үчүн да таң калыштуу. Менимче, президент Атамбаевдин таасиринен биротоло кутула албаган сыяктуу…

— Садырдын бошотулушунун жолу калдыбы? Аны эмнеден көрөсүз?

— Мен юрист болбосом да, баарын түшүнүп эле турам. Жолдору абдан эле көп экен. Себеби, эң негизгиси, Садырдын ишинде кылмыш жок да. Бирок, коррупция бийлеген коомдо соттордун баары эле жогору жакты карай беришет тура.

— Айгүл айым, сиз кайда иштейсиз? Кесибиңиз эмне? Кантип жан багуудасыз?

— Мен көп балалуу аял катары балдарымды тарбиялап, үй-жайга баш-көз болуп, үйдүн кожойкесимин. Өзүм эки дипломдун ээсимин: медайым жана химбиологмун. Балдарым иштейт. Ошолор киреше таап келип, багып жатышат.

Булак: «Жаңы Ордо»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу