Айгерим Расул кызы, ырчы: “Ыймандуу келин, татыктуу кыз болууга аракет кылып келем…”

– Айгерим, бешик боо бек болсун, аялдын жашоосунун маңызы бала дейт, сенин жашооңдун маңызы эмнеде?

– Рахмат, ооба, бала бакыт. Бул талашсыз нерсе. Адамдын жашоодогу эң башкы вазийпасы артында туяк калтыруу, тукум улоо, аларга татыктуу тарбия берип, адам кылып өстүрүү деп билем. Мен да аял заты катары жашоомдун маңызын бизди жарык дүйнөгө алып келген ата-энебиз, балдарым, үй-бүлөм деп эсептейм. Ошондуктан балдарыма мээримдүү эне, Кудай кошкон жолдошума жаркылдаган жар, кайын журтума ыймандуу келин, ата-энеме татыктуу кыз болууга аракетимди жумшап келем.

– Адамдын акылын китеп өстүрөт эмеспи, китеп сүйүүчүлөрдун катарына киресиңби? Акыркы убакта кандай чыгарма окудуң? Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары менен таанышсыңбы?

– Китеп сөз байлыкты өстүрүп, жан дүйнөнү байыткан булак эмеспи. Убакыт болсо кызыктуу китептерди барактап калам, бирок чынын айтсам чыгармачылык, үй-бүлө, балдар менен китепке азыр убакыт тардык кылат. Декабрь айында залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата элдин баары анын чыгармаларын кайра барактап чыкты окшойт. Мен да элден кем калбай «Жамийла» повестин окуп чыктым. Буга чейин деле «Кызыл алма», «Ак кеме», Саманчынын жолу, «Биринчи мугалим» деген чыгармалары менен таанышып чыккам.

– Көп ырчылар турмушка чыккандан кийин чыгармачылыктан аксап калышат. Үй-бүлө менен чыгармачылыкты бирдей алып кетүүнүн сыры эмнеде?

– Эң башкысы түгөйлөрдүн ортосундагы бири-бирине болгон колдоосу. Колдоо болбосо талант өспөйт, ыр ырдалбайт, ырчы сахнага чыкпайт. Экинчиден, убакытты туура пайдалануу. Маселен, убактымдын көбүн үй-бүлөмө бөлөм, андан ашкан убакытты чыгармачылыкка арнайм. Бардык нерсе сааты чыкканда ишке ашаарына ишенип калдым. Канчалык аракет кылба, убактысы келбеген иш эч качан ишке ашпайт экен. Ошондуктан чыгармачылыктагы бийиктиктер алдыда деп айтам. Буюрса мен жасай турган иштер көп. Азыр чыгармачылыгымды өркүндөтүп салдым деп айта албайм.

– Акыркы убактарда тойлордо жар-жар ырын ырдап, жаңы турмуш жолуна аттанып жаткан кыздарды турмушка узатып жатасың. Жар-жарды үлгүлүү келиндер айтышы керек деген ырымдар бар эмеспи бизде, а азыр ажырашканы деле, урушканы деле, ушак ээрчигени деле жар-жар айтып жүрөт. Сенин оюңча бул туурабы?

– Жакында «Кыргыздын эң мыкты жар-жар айтуучусу» деген сыйлыгы менен сыйланып, алтын медаль алдым. Бул да болсо менин жетишкендигим. Акыркы убактарда жар-жар айттырып кыз узатууга чакыргандар аябай көп болууда. Көп учурда ырымдап, үлгүлүү келин катары чакырышканын айтышат. Анда кубанып калам. Ал эми жар-жар айтуудагы ырым боюнча айтсам, чечим той ээлеринин эркинде. Ар ким өзү урматтаган, сыйлаган, жактырган ырчысын чакырат. Ырымды кармагандар да, маани бергендер да бар. Эми ырчынын таланты болсо, мыкты ырдаса болду да. Анын жеке жашоосу сыр болушу керек. Тагдыр деген табышмак. Кудай ар кимге ар кандай жашоону берет экен.

– Тойго болгон чакыруулардын көптүгү ошол ырчынын кадыр-баркын билдиреби?

– Жогоруда айткандай, ар ким өзү сүйгөн ырчысын чакырат. Тойго чакыруу көп болсо, демек сенин чыгармачылыгыңды баалагандар да көп экен деп билсек болот. Эми буга эл тараза, эл сынчы. Элдин тандоосу менен каалоосуна эч ким каршы чыга албайт. Тойго чакырган элиме ыраазымын.

– Көптөн бери жеке концертиңди бербей калдың. Ресторандагы сахна менен чоң сахнанын айырмасы болсо керек. Чыныгы сахнаны сагындыңбы?

– Абдан сагындым. Кудай буюрса, ушул жылдын аягында жеке концерт берсемби деп жатам, убакыт тар болуп калса кийинки жылга калтырам. Концерт бергенге жараша мыкты, өзгөчө кылып бериш керек. Ага кызуу даярдык керек. Азыр балам жаш. Жетишпей каламбы деп жатам. Бирок аракет кылам. Албетте, эки сахнанын айырмасы асман менен жердей. Чоң сахнанын өз сүрү, күчү бар. Бирок тойдо да чыгармачылыгымды баалаган элим бар, кесирлик кылбайм.

Булак: «Фабула»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу