Айгерим Расул кызы: «Ырчынын жеке жашоосуна аралашып кийлигишкенге эч кимдин акысы жок!»

Бул ирет ырчы Айгерим Расул кызы “Жар-жар” айтуу тууралуу өзүнүн оюн жеке баракчасына жазып чыкты. Анда, «Жар-жар» ырын ырдоо кыргыздын салтына айлангандыгын баса белгилеп, «»Жар-жар» ырын бир гана үй-бүлөлүү, бала-чакалуу  келиндер гана айтышы керек»- деген ойду четке кагып, өзүнүн пикирин төмөнкүчө билдирди:

«Супер-инфонун кабарчысы мага дагы ушул суроону узаткан. Негизи эле көптөн бери талаш-тартыш жараткан суроо болчу. Жеке менин оюм боюнча: Мен бул пикирге кошулбайм! Себеби той ээлери өзү урматтап, сүйүп уккан ырчысын чакырат !Ырчынын жеке жашоосу — ал өзүнүн жашоосу, ага кийлигишкенге эч кимдин акысы жок Той ээлери кимди кааласа ошол ырчыны чакырат деп ойлойм»,- дейт ырчы айым.

Айгерим Расул кызынын бул билдирүүсү тууралуу  интернет колдонуучулар түрдүү пикирлерин калтырышууда.

БУЛАК: argument.kgкөп 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу