Айгерим Расул кызы: «Турмуштун тур-мушуна туруштук берип эркектин ишин, үйгө кирип аялдын ишин аткарып…»

Ырчы Айгерим Расул кызы аялзатынын түйшүгү канчалык оор экендиги тууралуу өз оюн бөлүштү.

“Аял, аялзат, асылзат, күчтүү зат. Биздин аялзатка суктанып, сыймыктанып бүтө албайм, кандай гана кыйын ээ биздин аялзат? Баарына чыдап, турмуштун тур-мушуна туруштук берип. Жада калса сыртка чыгып эркектин ишин, үйгө кирип аялдын ишин аткарып, баардык түйшүктү мойнуна алып. Жараткан аялзатты темирден жасагандай. Таңгалам”,-деген пикирин бөлүштү ырчы.

Аны көпчүлүк айымдар кубаттап “ушинтип сүйүнтүп койчу, иштеп эле жүрөбүз бир жакшы деген адам жок го” деген сыяктуу тамашалуу коментарийлерин калтырышууда.

Белгилей кетсек, 28 жаштагы ырчы, жубайынын сүйүктүү жары Айгерим Расул кызы учурда эки баланы тарбиялоодо.

БУЛАК:  zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу