Ырчы Айгерим Расул кызы экинчи наристесин күтүүдө. Кош бойлуу болсо дагы тойлордо иштеп жатат. Инстаграм колдонуучулары “Кайсы айда төрөйсүз жана качан декретке кетесиз?”,- деген суроолоруна ырчы «Той сезонду бүтүрүп, анан декретке чыгам»-деп билдирди.
Эскерте кетсек, 2014-жылы август айында Айгерим Азамат аттуу жигитке турмушка чыккан. Кыздуу болушуп атын Ханбийке коюшкан.
Булак: Zaman.kg