АЙГЕРИМ РАСУЛ КЫЗЫ: «Милициянын жубайы болуу кыйын»

Айгерим Расул кызы ырчы гана эмес бир үйдүн кожойкеси, бир кыздын энеси. Эмгек менен изденүүдөн талбаган ырчы жакында кыздардан турган топ ачып, ага катар актрисалык окуусун да аяктады. Булар тууралуу кенен маалымат төмөнкү маекте.

– Айгерим, учурда эмне менен алексиң?
– Быйыл Искусство университетинин кино жана драма актёру бөлүмүн бүтүп жатам. Бир айдан бери Бишкекте мамлекеттик экзамендерди тапшыруу иштери менен жүрөм. Спектаклде ойноп, күн сайын репетиция менен алек болуп окуумду ийгиликтүү аяктоого болгон күчүмдү жумшап атам. Ага катар шаардагы иштеримди да бүтүрүп, мурда чакырууларына бара албай жүргөн телелерге конок болуп жатам. Жакында ырчы кыздардан турган «Айхан» деген топ ачтым. Аларды да даярдап, ырларын жаздыруудамын. Анан үй-бүлөмө Ошко каттайм, жолдошум да келип кетет дегендей. Самолёт менен болгону 45 мүнөттө жетем, Ошко каттоо көйгөй эмес. Бир жумадан кийин биротоло кетем.
– Ошто жашаганың чыгармачылыгыңа ыңгайсыздык жаратабы?
– Жок, эч кандай ыңгайсыздык болбойт. Бутигим, кыздардан түзүлгөн тобум баары ал жакта. Ошто той көп болгондуктан, ырчыларга ал жактан буйрутма көп түшөт. Башка ырчылар Бишкектен учуп барышса, мага, тескерисинче, ыңгайлуу.
– Топту эмне максат менен ачтың?
– Кыздардан топ ачуу кыялым болчу. Чыгармачылыгым менен катар ырчы болгусу келип максатына жетпей жүргөн кыздарды сахнага алып чыгууну чечкем. Топто төрт кыз ырдайт. Топтун атын коюу үчүн бир топ ойлонуп, Инстаграмдагы баракчама жарыяладым. Элден келген миңден ашык аттын ичинен кызым экөөбүздүн атыбыздын баш сөзүнөн куралган “Айхан” деген атты тандап алдык. Мен топтун жетекчиси жана продюсеримин.

– Ырчынын кино тармагынан билим алуусуна эмне себеп болду? Эми актрисалыкка ыктайсыңбы?
– Бул окууга тапшырганыма жети жыл болду. Сырттан окуу алты жыл эмеспи, мен ортодо бир жыл академиялык эс алуу алгам. Бул кесипти тандаган маалда тасмаларга тартылып жүргөн элем. Ошол кезде кинолорго ырчылар көп тартылышып, көпчүлүк: «Ырчылар билими жок эле тасмага тартылып жатышат», — деген сөздөр көп айтылган. Ошондо арданып барып тапшыргам (күлүп). Өзүмө тасмага тартылуу, тартуу абдан жагат. Андыктан бул билим мага ашык болбойт. Бул окууну аяктасам, юридикалык жактан билим алууну көздөп турам.
– Бирок тасмаларга тартылбай калдың го?
– Киного тартылууга абдан көп убакыт кетет. Ушул себептен акыркы учурда алыстап кеттим. Бул тууралуу суроо бергендер абдан көп. Кызым бат-баттан ооруп эч кимге көнбөй коюп, аны менен да болуп калдым. Күйөрмандарым кызымдын сүрөтүн Инстаграмдагы баракчамдан көргүлөрү келет. Бирок кызым көзгө жакынбы, сүрөтүн интернетке койсом эле ооруп калат. Мурда көзүгөт деген сыяктуу ырымдарга көп ишенчү эмесмин, балалуу болгондон кийин ишенип калдым. Андыктан кызымды көпчүлүктөн оолак кармап жатам.
– Иштеп жүргөнүңдө кызыңды ким карайт?
– Азыр атам менен апам карап атышат. Таятасын (ред. Расул Маматкулов) абдан жакшы көрүп, ага жакшы көнөт. Ханбийке эки айдан кийин эки жашка чыгат. Музыкага абдан жакын, эч нерсеге алданбай, музыкага гана алданып алаксып калат. Эмитен музыкага табити бар, атамдын ырларын жакшы угат, менин кээ бир ырларымды, анан Нюшанын ырларын жактырат. Кызымды үч эле адамга ишенип таштай алам: Бишкекте апам, Ошто кайненем жана курбу кызым. Анда да WhatsAppтан видеочалуу аркылуу улам көрүп турам.
– Бала багуучуга ишенбейсиңби?
– Убагында бала багуучубуз болгон. Ал тааныштар аркылуу келген, бирок оюмдагыдай болгон жок. Биздин үйдүн ар бир бөлмөсүндө видеокамера орнотулган, ал аркылуу көзөмөлдөп көңүлүм толгон жок. Ал эми камерасы жок үйгө бала менен бала багуучуну калтыргандарга таң калам. Колдон келсе баланы эне өзү эле карашы керек экен.
– Эл көзүндөгү адамсың, жолдошуң кызганыч сезимдерин билдиреби?
– Ырчынын жолдошу болуу кыйын дешет, күйөөм милиция кызматкери, милициянын жубайы болуу да кыйын (күлүп). Анткени алар ишине байланыштуу күнү-түнү кете беришет. Мен түнү тойлорго ырдап коюп келе калам, күйөөм болсо иши бүткөнчө жүрөт. Майрамдар да экөөбүз үчүн эмес, ал күзөттө турса, мен ырдап элге кызмат кылабыз. Бири-бирибиздин ишибизди жакшы түшүнгөндүктөн кызганыч болбойт. Күйөөм мага толугу менен ишенет. Баш кошконго чейин мени үч жыл тойлорго ташып, көзү менен көрүп жумушумду беш колдой билип калган. Бирге жашагандан кийин деле кээде алып барып калчу, кийин тажап өзүмдү эле жиберип калды. Мен да ээрчитким келбейт, күйөөмө баштыктарымды көтөртүп жүргөн жакпайт. Эркектин өзүнүн иши, өзүнүн аты болуп, жеке карьерасы менен алек болгону туура. Баш кошкондо сүрөттөрүбүз чыгып кетип, аны көпчүлүк таанып калыптыр. Бул нерсе ишине тоскоолдук жаратат. Андыктан акыркы учурда жолдошум тууралуу да көп маалымат чыгарбаганга аракет кылып калдым.
– Ар бир үйдө казан-аяк кагышат, аны кантип жеңесиңер?
– Албетте, кээде ортодо түшүнбөстүк болот. Бирок эки адам бирин-бири чындап сүйсө, баары чечилет экен. Мисалы, күйөөнүн маанайы жокто бир нерсе десе, аны менен айтышып аял эч качан кадыр-баркын жоготпош керек экен. Таарынычыбыз көп болсо бир саатка созулат. Телефондон чукчуңдашып кеткен болсок да, кайра эле бири-бирибизге эч нерсе болбогондой чала беребиз. Эртең менен кетип жатканда да жөндөн жөн эле пикир келишпестик болуп кетет. Кечинде жолдошум эч нерсе болбогондой күлүп келет, мен да дайымкыдай жылмайып тосуп алам. Бири-бирибизди коркутуу, кек сактамай, эрегишмей, төркүнгө кетип калмай деген жок. Апам: «Эч качан эркек кишинин кол көтөрүүсүнө жеткирбе. Эркек бир кол көтөрсө, өмүр бою кол көтөрө турган болуп калат. Ал абалга эркекти аялдын тили жеткирет, тилиңди тый, унчукпай кой, унчукпасаң кутуласың, ачуусу тараганда сүйлөшүп аласың», — деп акыл айтчу. Ошол кеңештер мага жардам берди.
– Сенин турмушка чыккандан кийин деле кыска кийинип, мурдагыдай эле бийлеп жүргөнүңдү талкуу кылып келишет.

Ал нерсени өзүң кандай кабыл аласың?
– Мен ырчымын, менин ишим ошол. Анан да 25 гана жаштамын, жашмын. Азыр кийбегенде, азыр бийлебегенде качан кийип, качан бийлейм. Турмушка чыктым, төрөдүм деп эле чүмкөнүп отуруп калганды туура көрбөйм.

Динара ЧОКОЕВА

Булак: Леди кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу