Айгерим Расул кызы: «Көз тийбесин жашоомдо баары ойдогудай мен каалагандай…»

Бүгүн ырчы Айгерим Расул кызынын өздүк майрамы. Бул тууралуу ырчы айым өзүнүн инстаграм баракчасына жарыялады. Анда, ал өзүнүн жакындарына ыраазычылык айтып, төмөндөгү билдирүүнү калтырган:

«10.10.18 Бүгүн менин туулган күнүм. 27 жашка чыктым. Бизди жараткан Аллахка, ушул жарык дүйнөгө алып келген ардактуу, алтын АТА-ЭНЕМЕ чексиз рахмат жана таазим! Ошондой эле ар дайым, ар тараптан колдоп келген Улуу Кыргыз Элиме чоң рахмат!  Жашоомдун маңызы үй -бүлөмө  жана кайын журтума рахмат! Көз тийбесин жашоомдо баары ойдогудай,  мен каалагандай…. Аллахка чексиз шүгүр!!! Кудай буюрса келечекте көөөп жакшылыктар алдыда, баарын ишке ашырабыз. Баардык каалоо-тилектерди окуп жатам сиздерге чексиз ыраазычылык! Эки дүйнө бактылуу болуңуздар! Мен сиздерди жакшы көрөм. Буюрса эң башкы белегим алдыда, аман-эсен эки бөлүнүп алайын. Ошондой эле бүгүнкү туулган күн ээлерин чын журөктөн куттуктайм! Бул дүйнөдө канча жакшылык болсо баарын сиздерге каалайм, эң башкысы ден соолук, бакыт, узун өмүр!»

Биздин редакциянын жалпы жааматы  да ырчы айымдын бүгүнкү өздүк майрамы менен куттуктап, чыгармачылыгында көптөгөн ийгиликтер коштолуусун каалап өтөбүз…

БУЛАК: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу