Айгерим Расул кызы: «Буюрса бизде баары алдыда жакшылыктын артынан жакшылык. Көз тийбесин…»

Ырчы Айгерим Расул кызы жакынкы арада эле уулдуу болгонун билебиз. Ал жаңылыгынын артынан эле ырчы айым күйөөсүн куттуктап өздүк баракчасына куттууктоо иретинде билдирүү жазып чыкты. Анда, «Менин сүйүүм, жаным, мамалагым, жүрөгүмдүн жарымы, өмүрлүк жолдошумду, балдарымдын Атасын «МАЙОР» наамын алганы менен чын жүрөктөн куттуктайм! Талыкпаган эмгегиңдин үзүрү, өз кесибиңдин Мыкты кызматкерисиң! Майлуу, сүттүү болсун…ар бир кадамыңды ийгилик коштоп жүрсүн! Буюрса бизде баары алдыда….жакшылыктын артынан жакшылык….тфу, тфу, тфу…Көз тийбесин!!! Аллах колдосун! Буюрса Генералга жетебиз! А биз ар дайым жаныңдабыз»-деп билдирет Айгерим Расул кызы.

БУЛАК: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу