Айгерим Расул кызынын боексуз сүрөтү миллионго жакын адамга жакты…

Ырчы Айгерим Расул кызы жакында эле инстаграм баракчасына боенбогон сүрөтүн жүктөгөн эле. Сүрөт жүктөлөөрү менен ага жарым миллиондон ашык көрүүчү топтолуп, 51 миңден ашык адам “жактыны” басып, 6000ден ашык адам ар кандай өңүттөгү пикирин калтырышкан.

Айгеримге жазылган пикирлердин көпчүлүгү анын нукура сулуулугуна суктанышкан, анын боексуз өң-келбетине таң калышкан.

Жакында эле ырчы Айгерим белгилүү бир ММК булактарына берген маегинде уулуна үч ай болгонун, азыр да тойлорго чыгып, ырдай баштаганын айткан. Ал өзүнө карата айтылган сын-пикирлерге көнүп, бышып калганын, сахнада 25 жылдан бери экенин айтып, үй-бүлөлүк жашоосуна да токтолгон.

Айгерим кандай боекту колдоноорун, эки баласын кантип багып жатканынан бери айтып берген.

Эскерте кетсек, Айгерим Расул кызы өткөн жылдын аягында уулдуу болгон. Көпчүлүк ырчы Айгеримди абдан эмгекчил айым катары баалашат. Себеби ал кош бойлуу кезинде да тынбай эмгектенип, сахнадан түшпөй ырдап келген. Албетте, ошол учурда ага ар кандай сын пикирлер да айтылган эле.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу