Айгерим: «Кыйналып кеттик. Атамды кантип жазаласам…»

Саламатсыздарбы! “Билесиңби” жаштар долбооруна чоң рахмат айткым келет. Канчалаган жаштар бирөөлөргө айта албаган көйгөйлөрү менен бөлүшүп, жооп алышат. Мен дагы сырымды айтым, кеңеш алсам дейм.

22 жаштамын. Үч бир тууганбыз. Атамды жек көрөм. Апамдын айрылганыбызга көп болуп калды. Атама балалык кезимден калган таарыныч бар. Эч эле тил табыша албайбыз. Күн сайын урушканыбыз, аялына майдай эле жагат. Атам бизге кам көрбөйт, билим алууга, бул жашоодон бир нерсеге жетүүгө мүмкүнчүлүк берген жок.  Кичүү сиңдим менен шаарда турабыз. Кээде ач, кээде ток. Акча берип каралашайын деген оюу жок. Бирок, ошол эле учурда бизден аны угуп, сыйлашыбызды талап кылат. Кандай кылсам болот? Акыркы жолу анын тууган күнүндө урушуп кеттик. “Сиңдиң өзүн бага албай жатса, Сирияга жибер!” деген сөзү ачуумду келтирди. Эмне кылышым керек? Атам бизге кам көрүүгө милдеттүү экенин кантип түшүндүрсөм?

Тамара Воронцова, психолог    

Кымбаттуум, көпчүлүк ата-энелер балдарын тарбыялап, окутуп, камсыздайт. Жадакалса, студент, турмушка чыккан же үйлөнгөн балдарына дагы жардам берет.

Сиздин тагдыр башкача болуп калыптыр. Түшүнүп турам, бул абдан кыйын жана таарынычыңыз көпкө чейин, мүмкүн өмүр бою калат. Өгөй энелер күйөөсүнүн балдарына көп учурда мээрим төгө бербейт, күйөөлөрү болсо жашоодо баары кайтып келээрин билбей, алардын айтканын кылат.

Кызым, сиз чоңоюп эле калыпсыз, 22 жашта экенсиз, атаңызга үмүт артпаңыз. Адептүүлүктү сактап, майрамдарда куттуктап коюңуз. Тартышпаңыз – ал сизге сүйүү бербегенден кийин, көңүл калуу жана уруштан башка эч нерсе бербейт. Чанда гана көрүшкөнгө аракет кылыңыз.

Өзүңүздү атасы, апасы, туугандары жок сыяктуу – толук жетим элестетиңиз. Балдар үйүндө же ата-энелери каза болуп калган балдар, ушунтип жашайт.

Ишене турган бирөөсү жок болгон адамдар көп нерсеге жетет. Батирде жашаңыз, көп иштеңиз.

Мүмкүн жакын арада турмушка чыгасыз, тандаганыңыз бай болбосо да, эң негизгиси жалкоо болбосун.

Ар кандай жумуштарды аткарыңыз. Сиңдиңиз жардам берсин: тамак жасап, батирлерди тазалап, кичинекей балдар менен олтуруп, карыларды карап ж.б. Сиңдиңиз канча жашта экенин айтпапсыз, бирок, азыртадан ага баарын үйрөтсөңүз болот. Кыйынчылыктар сиздерди жакындатат, өмүр боюу ынтымакта жашайсыңар.

Эсиңизде болсун, кыйынчылыктар такшалтып, күчтүү кылат!

Тагдырыңызды кабыл алыңыз жана алдыга гана умтулуңуз.

Атаңызды өзгөртүп, ынандыра албайсыз. Аны кечириңиз – ал өз тандоосун жасады, кудай күнөөкөрлөр менен өзү иш алып барат. Аны күтүп турган сот жана жаза, биздин өч алуу же айыптоодон дагы күчтүү.

Бир нерсени так айта алам, сиз балдарыңызды сүйүп жана ар дайым аларга жардам бересиз.

Кызым, бактылуу болуңуз!

БУЛАК: bilesinbi.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу