Айболот Жээнбаев: «Тилемчи болуп уктап, жылдыз болуп ойгондум»

Ырчы Ильяс Кудретовдун “Өмүр, ай” аттуу ырынын клибиндеги кайырчы адам эсиңиздеби? Так ошол образы менен элдин эсинде калган Айболот Жээнбаев бүгүн биздин маек төрдө. Каарманыбыз өзүн элге тааныткан клип жана тагдыры тууралуу баяндап берди.

– Кош келипсиз, Айболот мырза. Сизди Ильяс Кудретовдун “Өмүр, ай” аттуу ырынын клибинен көрүп таанып баштадык. Клипке кандайча тартылып калдыңыз?

– Саламатсызбы? Аталган клипке чындык кошулган десем болот. Ден соолугум жабыркап майып болуп калгандан кийин “Дордой” базарында кайрымдуу адамдардан жардам сурап жүргөндө Бакыт Мойдунов аттуу жигит мага садага берген эле. Ошондон тарта ага-ини катары тааныш болуп калганбыз. Күндөрдүн биринде Бакыт “байке, турмуш жөнүндө ыр жаздык эле, ошого тартылып бербейсизби” деп калды. Көрсө, ал Ильястын продюсери, ошол тартылмакчы болгон клиптин режиссёру экен. Бакыт клип аркылуу чыныгы окуяларды көрсөткөнгө аракет кылды. Мен болсо өзүмдүн эле жашоомду ойноп жаткандыктан, тартып жаткан балдарды кыйнаган жокмун, 1-2 дубль менен тартып жаттык.

– Клиптен соң көчөдөн сизди тааный башташтыбы?

– Кимге кандай билбейм, бирок мен үчүн тилемчи болуп уктап, жылдыз болуп ойгонгондой эле болду да. Элдин көбү таанышып колу менен көрсөтүшөт, айрымдары сүрөткө түшүшөт. Башында мени актёр деп ойлошкон да, кийин турмушумду көрүп “чындап эле клиптегидей адам экен” дешип көзүнө жаш алып ыйлагандар бар, садага бергендер да көбөйө баштады. “Клиптин 2-бөлүгүн качан тартасыңар?” деп сурагандар көп.

– Мурда актёр болсом деген кыялдарыңыз бар беле?

– Жок. Мен мультипликатор, үн коштоочу болсом деп кыялданчумун. Бирок аны Ленинграддан окуш керек экен, ошентип кыялдарыма жетпей калгам.

– Клипте көрсөтүлгөндөй, майып адамдарга орой мамиле жасагандар да кездешеби?

– 2017-жылы декабрда Кара-Балта шаарынан аутизм менен ооруган 16 баланы Бишкекке экскурсияга алып келдим. Өкмөт ал балдарга жөлөк пул берет, бирок укалоо, бала бакча жагына жардам берүүгө чамасы жетпейт. Аларга мен көп ирет барып садага берип турам. Балдарды Бишкектеги көңүл ачуучу борборлордун бириндеги зоопаркка киргизмекпиз. Бирок зоопарк саат 12де ачылат экен. Биз эрте барып алыптырбыз, балдарга “Ала-Тоо” аянтын көрсөтүп турайын дедим. Суукта балдар үшүп калбасын деп кафелердин биринен “Бизге ысык чай эле бериңиздер, токочторубуз бар, отуруп жеп алалы” деп сурандым. Алар макул болгону менен, кафе жер төлөдө жайгашып, майыптардын коляскасы тепкичтен түшө албайт экен. Анан 1-кабатта жайгашкан кафелердин бирине кирип эле администрациясынан уруксат сурап жаткам. Аңгыча эле кафенин жетекчиси чыга калып “Буга окшогон майыптарды эмне киргизесиң? Киргизбе дебедим беле!” деп тиги кыздарды уруша баштады. Анан мени сөзгө келбей эле кылмышкерди кармагандай кармап туруп эшикке түртүп ыргытып жиберди. 16 бала бардыгы мени карап турду, ыңгайсыз абалда калгам.

– Өзүңүз тилемчилик кылсаңыз да, жардамга муктаж адамдарга жардам берет экенсиз.

– Капчыгы калыңдар жардам бергенин көрө элекмин, баягы эле карапайым адамдар көп жардам беришет. Жип мингендер “мага келген ооматты ушул дубанага берип коёмбу?» деп ойлошот окшойт, айтор, көз караштары башкача. Балким, ошол үчүн алардын капчыгы калыңдыр. Тапканын эч кимге бербестен чогултушат да. Азыр өзүм Кара-Балта шаарында батирде жашайм. Ош-Бишкек жолунда Сосновка айылындагы посттон өткөн-кеткен айдоочулардан, МАИчилерден жардам сурайм. Аларга ыраазычылык билдиргим келет. 100 сом садага алсам 15 же 18 сомун өзүм жейм, калган акчаны жардамга муктаж жетим-жесирлерге, майыптарга, карыларга алып барып берем. Анан аларды тартып кайра айдоочуларга интернет аркылуу жиберем. Ошондуктан айдоочулардан WhatsApp`ы жок болсо садага албайм. “Айдоочунун тапканы – адал” дегендей, алар да «берген жардамым түздөн-түз жардамга муктаждарга жетиптир» деп кубанып калышат. Мындан тышкары кайрымдуулук фонддордун биринде координатор болуп иштейм.

– Өзүңүздүн тагдырыңызга токтоло кетсеңиз.

– 1974-жылы 7-апрелде Базар-Коргон районундагы Абдраимов айылында төрөлгөм. Бакма баламын. “Бала тапкандыкы эмес, баккандыкы” дегендей, мени баккан ыраматылык апам менен атама ыраазымын. Бирок алардын көзү тирүүсүндө айткан насаатын укпай, көзү өткөн соң көр кучактап ыйлаганың бир тыйын экен. Убагында эркелик кылыптырмын, алардын кебин укпай көп каталык кетирдим. Эми атам менен апамдын сөзү башыма келип таяк болуп тийген соң убагында аларга кыла албай калган жакшылыгымды, сыйымды өзүм кайырчылык кылсам дагы, ашканын жардамга муктаж адамдарга көрсөтөйүн дедим.

17 жашымда үйлөндүм. 3 балалуу болдук эле, уулум чарчап калды. 2 кызым бар. 2001-жылы турмуштан бир аз кыйналып калдык. Аялым “Орусияга барып иштеп келейин” деп кетип, ошол бойдон дайыны жок. Башыңа иш түшкөндө сулуунун деле орду башка болуп калат экен. Азыр бойдокмун, жакшы жар болчу айым табылса дароо үйлөнүүгө даярмын.

2013-жылдары майып болуп калдым. Ага чейин көп кабаттуу үйдөн кулап, жамбашым сынган, андан соң жол кырсыгына кабылган элем. Ошонун эле айынан болду окшойт. Так деле диагнозу жок, нерв оорусу, өзүм деле түшүнбөйм.

– Маегиңизге рахмат, ден соолукта болуңуз!

Булак: Супер Инфо 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу