Айбек Турдалиев: «IMEI катталуу башталгандан кийин, контрабандалык жол менен жаңыдан кирген телефондор иштебейт!»

 

Өкмөттүн мобилдик телефондорду каттоого алуу тууралуу демилгеси — айрым саясий кызыкчылыктардан улам, каттоонун максаты башка нукка бурулуп, бурмаланып жатат. Социалдык байланыш тармактарында ар кандай талкуу жаралып, интернет колдонуучулардын бүйүрүн кызытууда. Мобилдик телефонду каттатуу керекпи жана анын зарылчылыгы жөнүндө «Салтанат» телеканалынын негиздөөчүсү Айбек Турдалиев мындай маалыматты жазып чыкты:

— IMEI же башкача айтканда уюлдук телефондорду каттоо эл арасында катуу талкуу болуп жатат.

Биринчиден IMEI деген эмне экенин түшүндүрмө берип кетейин.

Латын тамгалары менен 4 баш тамгалардан турган IMEI (International Mobile Equipment Identity) биздин тилге которгондо Эл аралык Уюлдук Жабдуунун Идентификациясы дегенди билдирет. Уюлдук телефон өндүрүүчү ар бир телефонго уникалдуу сериялык номер берет, анын ичинде жабдуунун модели, өндүргөн өлкө жана чыгарылган датасы жазылат. Аны телефонуңуздан *#06# терип текшерсеңиз 15 сандан турган код чыгат. Ал сиздин телефондун аккумуляторунун (батарейка) астында жана кепилдик кагазда (гарантийный талон) да бар болот.

Эми IMEI эмне үчүн керек дегенге жооп?

IMEI катталуу башталгандан кийин, биздин өлкөгө контрабандалык жол менен жаңыдан кирген телефондор иштебейт! Бирок, ушул күнгө чейин колдонуп жүргөн телефондор иштей берет, ал үчүн жөн эле кабатыр болбоңуздар.

Андан бизге эмне пайдасы бар?

Биздин өлкө эл аралык стандартка ылайык IMEI каттоосу иштей баштагандан кийин, алдыңкы телефон өндүргөн компаниялардын (Apple, Samsung, Huawei, Nokia, Lenovo ж.б.) расмий өкүлчүлүктөрү иштей баштайт. Бул деген, бизде сапаттуу жана кепилдиги бар телефондор сатыла баштайт дегенди билдирет.

Жаңы телефон үчүн 100 сом маселеси.

IMEI каттоо үчүн 100 сомду, телефон сатып жаткан тарап, сизге телефонго аксессуар (чехол, экран коргогуч айнек ж.б.) саткандай эле сунуштап, макул болсоңуз ошол жерден эле кошуп коёт. Анын үстүнө жаңы телефонду сатып алган кишиге, каттоо үчүн 100 сом маселе деле жаратпайт.

Плюсу эмнеде?

Бизде телефон жоготкон жана уурдаткан учурлар көп эле болот. Эгерде сиз ушундай абалга кабыла турган болсоңуз, милицияга арыз менен кайрылсаңыз, аны сиздин IMEI аркылуу уюлдук операторлордун жардамы менен бат эле таап бере алышат.

Сөзүмдүн аягында, эгерде ал бирибиз, өз өлкөбүз үчүн кандайдыр бир жардам кылабыз десек, анда бул киргизилип жаткан тартипке каршы чыкпай, тескерисинче колдоо көрсөтүшүбүз керек.

Арам жол менен келген эмес, адал жол менен келген, таза телефондорду колдонойлу.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу