Айбек Мырза, жарандык активист: «Курултай саясый абалды өзгөртүү үчүн курч мааниде өтөт»

Ошентип, былтыр 15-октябрда шайлоодо жеңип чыккан КСДП талапкери Сооронбай Жээнбековдун алты жылдык кызматынын бир жылынын сапары карыды. Президенттин бир жылдык ишине баа берүү, сын айтуу зарыл. Бул максат менен туруктуу элдик кеңеш (ТЭК) ноябрь айында курултай өткөрөрү белгиленүүдө. Туруктуу элдик кеңештин төрагасынын орун басары Айбек мырза менен маек курдук.

– ТЭК саясый күчтөрдүн башын кошуп, курултай өткөргөнү турупсуңар…

– Сооронбай Жээнбековдун президент болгонуна бир жыл болуп отурат. Президенттин саясый ишмердүүлүгүнө баа берүү максатында туруктуу элдик кеңеш баардык саясый күчтөрдүн башын бириктирип, Жээнбековдун бир жылдык, Атамбаевдин алты жылдык ишине баа берүү максатында курултай өткөргөнү турабыз. Саясый күчтөр менен сөздөр жүрүп жатат. Өзүңүздөр билгендей, Армениянын премьер-министри Пашинян шайланганына үч ай өтөрү менен эле аянтка элди чогултуп, өзү кылган иши боюнча отчет бербедиби. Президент «элге таянам, элдин үнүн угам» десе, курултайга келип келечек максаттары менен бөлүшүп кетсе деген оюбуз бар.

– Сооронбай Жээнбековдун бир жылдык доору канааттандырдыбы?

– Ошол курултайда ар кандай пикирлер болуп, президенттин бир жылдык ишине баа беришет. Жеке мени канааттандырган жок. Күмтөр маселеси, Дача-СУ, Бакиевдердин улутташтырылган объектилери, саясый куугунтук менен камакка алынгандар боюнча суроолор ачык бойдон турат. Менин оюмча, кадрдык жактан дагы көп кемчиликтер кетип жатат. Ийгиликтери болсо – буга чейинки, эгемендүүлүк алгандан берки тарыхыбызда болбогон эки экс-премьер-министрлерди камакка алды. Дагы башка чоң кызматтарда иштегендердин камакка алынганы коррупция менен күрөштүн жакшы бапггалышы болгон. Көчмөндөр оюну, коңшу өлкөлөрдүн өлкө башчылары менен болгон мамилени түздөөсү оң жактары. Жарандык коомдор менен жолугушуу өткөрүп, карапайым адамдардын коррупция боюнча айткан иштерин көңүлгө алып, акырына чыгарып жатат – бул биз мактай турган ийгиликтери. Ал эми экономикалык өсүш жок, кадр тандоо жагы чабал. Курултайда жалпы саясый күчтөр да баасын берет деген ойдобуз.

– Коррупция менен күрөш тууралуу сүйлөшсөк…

– «Коррупция менен күрөш жүрүп жатат» деген менен бул жерде деле чабалдыкты көрүп турабыз. Коррупционерлерден чогулган 400 миллион сом – бул өтө эле аз. Бажы, салык тармагында коррупциялык иштер чиеленишип, ачылбай турат. Жалпы мамлекеттик деңгээлде бир чоң масштабдуу компанияга айланалбай жатат. Тандалган адамдар эле камакка алынды.

Бир жыл аралыгында мындан да көбүрөөк иш кылса болмок. Ал эми Атамбаевдин да ишине баа берүү зарыл. Жогорку Кеңештин ишине да баа берүү – учурдун талабы. Эч кайдай оңолуу, жаңылануу жолуна түшө албай коюшту. Акыркы эле акыйкатчыны шайлагандарын мисал катары карасак болот. Баары бийликтин тапшырмасы менен болду. Бул Жогорку Кеңеш Сапар Исаковдун өкмөтүн шайлаган, азыркы учурда иш алып баралбай жаткан Мухамметкалый Абылгазиевдин өкмөтүн шайлашты. Эч кандай жоопкерчиликти сезүү байкалбайт. Мурда Атамбаевге жан үрөп кызмат кылышса, азыр Жээнбековго кызмат көрсөтүп отурушат.

Бул курултайды кенен, жогорку деңгээлде өткөрүү пландарыбыз бар. Азыр сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Дээрлик баардык саясатчылар катышат деген ойдобуз. Министрлерди, парламент депутаттарын, экс-президент Алмазбек Атамбаевди, президент Сооронбай Жээнбековду – баарын курултайга катышып берүүсүн өтүнөбүз. Ачык жана курч абалда курултайды өткөрүп, саясый өзгөрүүгө алып барабыз деген ниеттебиз.

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу