Айбек Карымов эми сахнадан биротоло кетет, тойлорго да барбайт…

Жакында эле президенттин колунан Кыргыз элинин Эл артисти наамын алган Айбек Карымовду бир «чоң» концерт берет экен дагы, ошону менен сахнага кайра келбейт экен деген кептер тарады. Наамды алдым, эмгегим акталды, эми башка жумуш менен алек болоюн дедиби же жөн эле айтылган кептерби чын төгүнүн билүү үчүн Айбек мырзанын өзүнө чалып кабарлашканыбызда менеджери алып Barometr.kg сайтына мындай деди:

«Айбек Карымов чындап эле жеке концертин бергенден кийин сахнадан кетет. Тойлорго да барбайт. Бирок бул анын чыгармачылыгына чек коюлат деген сөз эмес. Албетте ал ырларды жана обондорду жаза бермекчи. Карымовдун башка чөйрөдө көптөгөн пландары бар. Аларды ишке ашыруу менен алек болгондо чыгармачылыка жетишпей калууда. Сахнадан кетүүсүнүн себеби ушунда.»

Эске салсак ырчы мырзанын сахнанын ысыга күйүп, суугуна тоңуп жүргөнүнө быйыл туура 25 жыл болот. Учурда «Кош сахна» деген аталыштагы жеке концертин берип, эл менен коштошоюн деп турган чагы экен. Чындыгында, чыгармачыл адамдардын көбү «болду таштадым, ырдабайм» деп коюп чыгармачылыктан оңой менен чыгып кетери кыйын экени белгилүү.

БУЛАК: Barometr.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу