Айбек Карымов: «КТРКнын жетекчилигине талапкерлигимди койсомбу…»

Маалымат каражаттарынын арасында өз орду, салмагы бар «Фабула пресс» гезити айрым бир себептерден улам 3 айдан бери чыкпай калып окурмандарды түйшөлтүп койду. Ар дайым чындык, сөз эркиндиги үчүн күрөшүп, коомдогу ачуу-таттууну калыс чагылдырып келген «Фабула» гезитин жөн салды жаап коюу мүмкүн эмес эле. Кимдир бирөө бары бир куттуу гезиттин багын байлабай чыгармак.

Дал ошондой болду. Кыргыз эллине төбөсү көрүнгөн белгилүү ырчы, обончу, Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген артисти Айбек Карымов агабыз «Фабуланы» сатып алып, кайрадан жарыкка чыгарууну колго алып отурат. Биз Айбек мырза менен гезитти эмне максатта сатып алганын жана келечек пландары туурасында азын оолок кеп кылдык.

— Айбек мырза, сиз жакынкы эле айларда сахна менен коштошкон чыгармачылык концерт бердиӊиз. Сахнадан кетүүгө эмне себеп болду?

— Мен бала кездеги чыгармачылыкта болгон кыял-тилектеримдин көбүн ишке ашырдым. Кичинемде ырчы болом, сахнанын адамы болом деген максаттарыма жеттим. Сахнадан көп нерсе таптым. Бир тууган, дос, күйөрман таптым. Бакыт таап,  үй-бүлөлүү, бала-чакалуу болдум. Чыгармачылыктын бийик жеринде жүрдүм. Ушуга Кудайга шүгүр келтирем. Анткени “күлүк күнүндө, тулпар тушунда”дегендей ар бир нерсенин өз убактысы, доору болот. Кыргыз эл артисти Түгөлбай Казаковдун «Сахнадан дагы жакшынакай болуп сый-урмат менен кеткен жакшы»– деп айтканы эсимде. Демек, сахнадан дагы сый-урмат менен кеткенди билиш керек. Анын үстүнө жашыбыз элүүгө келди. Гастролдоп жүргөндү тура көрбөдүм.

— Буга дейре сахнада чыгармачылык жаатта элге кызмат кылып келдиӊиз, эми алдыда дагы кандаймаксаттарыӊыз бар?

— Албетте, буга дейре аздыр-көптүр чыгармачылык жаатта элибизге кызмат өтөдүк. Дээрлик  25 жыл сахнада эмгектендим. Чыгармачылык жааттагы эмгегимди баалап, президентибиз Жээнбеков Сооронбай Шарипович Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген артисти деген наам берди. Мындан ары башка тармактарда өзүмдү сынап көрөйүн деп чечтим. Учурда ишкерлик менен алекмин. Ошондой эле КТРКнын байкоочу кеӊешинин мүчөсүмүн. Элге кызмат кылайын деген көкүрөктө кайнаган аруу тилектер бар. КТРКнын жетекчилигине талапкерлигимди койсомбу деп да ойлонуп жатам.

— Демек, сизди саясатта көрүп калышыбыз мүмкүн экен да?..

— Эми саясат мени кабыл алабы же мен саясатты кабыл аламбы мунун бары азырынча күмөн. Себеби алдын ала мындай кылганыжатам деп айтуу кыйын. Бирок саясатка барсамбы деген ой-максаттар бар. Элге ак кызмат кылганга, калыс, таза иштеп бергенге билимим, күчүм,акылым, эрким дагы жетет.

— Сиздин «Фабула пресс»  гезитин сатып алганыӊыздын себеби дагы саясатка даярдануубу?

— Негизинен «Фабула» гезитинин маалымат айдыӊында өзгөчө орду, салмагы бар экенин жакшы билет элем. Бул гезитти акыркы айларда жоготуп алдым. Анан“чыкпай,жабылып калыптыр”дегенди угуп, ээсинен чыгарбасаӊар мен чыгарайын деп сүйлөшүп, сатыпалдым. Албетте, гезиткөп. Бирок гезиттин деле эл арасында салмагы, өз орду, таза максаты, багыты болот. «Фабуланы» дагы мен ушул ниетте алдым. Кудай буюрса, мындан  ары да элге так, тура маалымат жеткирип, бийликтин кемчилик-артыкчылыгын, элдин үнүн калыс чагылдыра берет деп ишенимдүү айта алам.

— Негизи гезиттин ээсине карата сын-пикир уккан аткаминерлер тарабынан, ошол эле тааныш-билишмамилелеш достор тарабынангезитиӊ минтип жазыптыртигинтип сындаптырдеген нааразы болгонтаарынычтар көп болот. Ошолорго кандай реакция кыласыз?

— Бул достук деле, тууганчылык деле чындыктан алыс кетпейт. Эгер гезит чындыкты, калыстыкты жазып жатса ага таарынбай, тескеринче сабак алыш керек деп ойлойм. Платон менин досум, бирок чындык баарынан жогору турат дегендей кеп. Улуу залкар жазуучубуз Чыӊгыз Айтматов дагы «Чындык– бул жакшылыкка умтулуу» деп айткан да.  Анын үстүнө гезит меники болгону менен ал жерде иштеген чыгармачылык жамаат бар. Редакциянын өзүнүн саясаты, ар биржурналисттин тутунган чындыгы, позициясы болот. Гезит жеке эле менин көз карашымды чагылдырып, менин эле көзүмдү карап турат деген жаӊылыштык. Андыктан мен ар бир журналистти мындай жазасыӊ, тигиндей кыласыӊ деп айткандан алысмын. Антсем, калыстыктан тайган болом. Демек, журналисттер жакшы маалымат жазышса да, же анча-мынча калпыстык кетирип жаӊылышса да жоопкерчилик чыгармачылык жааматтын өзүндө болот. Себеби чыгармачыл адам эркин болушу керек. Аларды капаска камагандай кылып чектөө мүмкүн эмес. Чек шык, жөндөмдү өлтүрөт. Ошондуктан эркиндик да, жоопкерчилик да журналисттердин өзүндө болот.

Булак: «Фабула»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу