Айбек Карымов КТРКга жетекчи болуп келеби?

Айбек Карымов буга дейре аздыр-көптур чыгармачылык жаатта кыргыз элине кызмат кылды. 25 жыл чыгармачылыктагы эмгеги бааланып, президент Жээнбеков Сооронбай Шарипович Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти деген наам ыйгарды. Кечээ жакында сахнадан биротоло кеткендигин маалымдаган жана «Фабула» аттуу гезиттин башына келгендигин кабарлаган.

ММКларга берген маегинде ал: «Мындан ары башка тармактарда өзүмдү сынап көрөйүн деп чечтим. Учурда ишкерлик менен алекмин. Ошондой эле КТРКнын байкоочу кеңешинин мүчөсүмүн. Элге кызмат кылайын деген көкүрөктө кайнаган аруу тилектер бар. КТРКнын жетекчилигине талапкерлигимди койсомбу деп да ойлонуп жатам» – деди. Демек каалоо бар экен, калганы буйруктан да.

Булак: “Де-Факто”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу