Айбек Карымовго ийгилик жылмайып, жетекчи болду…

Саясый-коомдук гезит катары салмактуу болуп чыгып келген “Фабула пресс” гезити өткөн жылдын этегинде саясый себептерден улам жабылып калган. Бир аз тыныгуудан кийин гезитти иштетип келгендер жакында бул гезит кайра чыга баштаарын маалымдашкан.

Бизге жеткен маалыматтарга караганда, бул гезитти ЖК депутаты Рыскелди Момбековдон белгилүү ырчы Айбек Карымов жолдугун кылып өткөзүп алган.

Себеби, Карымовдун саясатка аралашуу ниети бар экени көптөн бери эле белгилүү. Токтогулдан чыккан топ булбулдардын бири өткөн жылы чыгармачылыгынын 25 жылдыгын белгилеп, Тер-Жайлак жайлоосунда чоң той берип, улуттук оюндардын байгесине эки-үч автоунаа койгон.

Ошентип ал, сахна менен кош айтышканын билдирген. Эми ырчы депутаттыкка аттанып, өзүн саясаттан сынап көрмөкчү. Саясатка трамплин болууга саясый гезиттин да салымы чоң болоору бышык. Бирок гезиттин каржылык жана саясый түйшүгүн түшүнө билүү зарыл.

Булак: «Багыт»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу