Айбек Калиев: “Кепилдик болуп бергидей мен кудай эмесмин””

Айбек Калиев депутаттарга кышка даярдык боюнча өзүнүн билдирүүсүн таратты. Анын айтымына караганда өкмөт кышка толугу менен даяр. Азамат Арапбаевдин бир топ бурчка такаган суроолоруна жооп берип чыккандан кийин министрди биз кепке тарттык.

Электр энергиясын өчүрбөй, элди үшүтпөй кыштан чыксак экен деп биз деле Кудайдан тилеп, бүт аракетибизди жумшап жатпайлыбы?

—Айбек Рыспекович, Энергохолдинг кышка элди энергетика жана жылуулук менен камсыз кылууга даярбы?

—Даяр. Биз колубуздан келишинче аракет кылып жатабыз. Көмүрлөрдү түшүрүп, бардык жактан ТЭЦтердеги буу казандарды каратып, кыштын камы менен алекпиз. Жалпысынан даярдык жакшы деп койсом болот. Суук түшкөнчө калгандарын даярдайбыз.

—«Кыргызстандын көмүрүн алгыла» – деп эле депутаттар ызылдап жатышат. Казакстандан качанкыга чейин көмүр сатып алып жүрөбүз?

—Бүгүнкү күндө Бишкек шаардык жылуулук борборунда 192 миң тонна көмүр бар. Былтыркы менен салыштырганда 54 миң тоннага көбүрөөк. Казакстандан биз 3590 сомдон 50 миң тонна көмүр сатып алдык. Жылдан жылга Казакстандан алынган көмүр азайып баратат. 2015-2016-жылдары 900 миң тонна болчу. Былтыр 550 миң тонна болсо, быйыл 450 миң тонна сатып алып келдик.

—Бул кышка толугу менен жетеби?

—450 миң көмүр казактардан, 550 миң тонна Кыргызстандын өндүрүшчүлөрүнүн көмүрүн алдык. Муну менен биз өзүбүздүн көмүр өндүрүшчүлөрдү колдойлу деп чечтик.

—Толугу менен эле өзүбүздүн көмүр казган ишкерлерди колдосо болбойбу? Казак көмүрүнүн кандай артыкчылыгы бар?

—Кыргызстанды көмүр менен камсыз кылууга ишкерлер алсыздык кылып жатышат. Даяр эмес десем болот. Эгер биздин көмүр өндүрүшчүлөр толугу менен жетише алса, Казакстандан алмак эмеспиз. Бирок мен ишенем, буйруса өзүбүздүн өндүрүшчүлөр Кыргызстанды толугу менен көмүр менен камсыз кылчу убакыт сөзсүз келет.

—Токтогул ГЭСинде канча тонна суу бар? Быйыл кыштан жарыгыбыз өчпөй чыгаарыбызга министр катары кепил болуп бере аласызоы?

—19,6 миллиард куб суу бар. Суу кенен, көмүрлөрдү ташып жатабыз. Электр энергиясын өчүрбөй, элди үшүтпөй кыштан чыксак экен деп биз деле Кудайдан тилеп, бүт аракетибизди жумшап жатпайлыбы? Министр катары кепил болуп бергидей мен Кудай эмесмин. Сиз эртең эмне болуп кетээриңизди билбейсиз да туураоы. Кепилдикти бере албаймын. Жарыкты өчүрбөй, жылуулукту убагында үзгүлтүксүз бергенге аракет жасайбыз.

Булак: “Де-Факто”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу