Айбек Калиев анчалык таза болсо кызматта турганда “мен андай кыла албайм” деп кызматын таштап кетпейт беле?

Бишкек ЖЭБинен желген акчалар далайлардын абийирин ачып, коомчулукка анык жүзүн сыйрып берет окшойт. Албетте, бул муундун алмашуусу менен саясый маданияттын жогорулоосуна абдан чоң пайдасын тийгизет. Арийне, ал жерде анча мынча «чоңураактары» болгону менен негизинен «чебачоктор» гана кармалып, камалып жаткандай. А тургай, алар жөн эле жерден садага чабылып кеткендей таасир калтырышууда. Эсеби маселен, «Энергохолдингдин» мурдагы жетекчиси Айбек Калиевди алалы. Бул бечера деле өз башы менен иш кыла алчу эмес да. Анан «шептердин» тапшырмасын аткарып атып моюнуна сыйыртмак илинбеди. Эми абакта жатып алып: «Осмонбек Артыкбаев менен беттештиргиле!» деп атып Артыкбаевди кошо «ала жатты». Арийне, беттештиргенде эле Артыкбаевдин жүзү ачылып, Калиев акталып кетмек беле? Айбек Калиев анчалык таза болсо ошол кызматта турганда кокологон коррупциялык схемага карата: «Мен андай кыла албайм» -деп мыйзамсыз документтерге кол коюудан баш тартып, кызматын таштап басып кеткенде тарыхта таза жетекчи катары калмак, аттиң.

Булак: De-Факто

Аргумент.kg
Жооп калтыруу