Айбашевди чыгарам деп Анарбек байке алаңдайт

Түндүк-бажы терминалынын камакка алынган башчысы Нурбек Айбашовду камактан чыгарып алууну көздөп, СДПК партиясынын Ысык-Көл областы боюнча координатору болуп жүргөн Анарбек Белеков деген байке Ак үйдүн эшигин сагалап жүрүптүр. Анын учурдагы негизги иши ушул болуп жатат дешет билгендер. Партиянын атын жамынып Ысык-Көл областында бир топ эле чартаңбай тепти бу киши. Эми форумду айланып өтүп, качып жүрөт дешет. Айбашевди чыгарууга жандалбастап, азыркы бийликке жагынып, “Ысык-Көлдөн кадыр-барк топтоп берем” — деп шыйпаңдап жатканына караганда, Айбашевден чоң сумма убадаланган го ыя? Бет кызарбайт экен го айтор…

Булак: «Ачык саясат» 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу