Аида Салянова, экс-генпрокурор: “Менин Атамбаев менен болгон араздашуумдун бир себеби – бул Атамбаевдин “сен Текебаев менен жакын мамиледесин” деген фантазиясы болгон”

Экс-генпрокурор Аида Салянованын журналист Бермет Букашевага берген интервьюсунун айрым урунттуу учурларын жарыялайбыз:

Аида Салянова: Менин Атамбаев менен болгон  араздашуумдун бир себеби – бул Атамбаевдин “сен Текебаев менен жакын мамиледесин”  деген фантазиясы болгон. Бул анын фантазиясы. Жеке фантазиясы. Мен кылмыш жоопкерчилигине тартып же тартам деп жаткан адамдар Атамбаевге мени Текебаевдин жакын адамы кылып көрсөтүп келишкен. Мен Текебаев менен Атамбаевдин мамилеси жаман экенин билгенимде бул мага чоң ачылыш болгон.  Жеке жек көрүү деңгээлиндеги мамиле. Бирок бул көбүнчө Атамбаев тарабынан болчу. Текебаев тарабынан мен муну сезген жокмун. Кийин парламентте да Текебаев менен чоогу иштешип калдым, анын Атамбаевге карата жеке жаман мамилесин байкабадым. Мен ал учурда бул эки кишинин мамилеси мага да терс таасирин берет деп ойлогон эмесмин, бирок акырында таасирин берди. Алтургай менин Атамбаев менен болгон араздашуумдун себептеринин бири болду…

Бермет Букашева: Ал чын эле Текебаевдин саясый эркин, буйрутмаларын аткарган кишисин Генпрокурор кылып олтурам деп ойлогон окшойт?

Аида Салянова: Ооба, чынында ошондой болгон, мага жана Текебаевге карата адилетсиз, чындыкка жатпаган ошондой мамиле болгон. Анткени Текебаев менден эч качан эч нерсе сураган эмес. Биз өтө сейрек кездешчүбүз, балким бир жылды бир жолу.  Мен 4 жыл генпрокурор болдум, ошол арада мен аны бир нече жолу эле көрдүм.  Мыйзам чыгаруу багытында гана жолугушкан учурлар болгон. Генпрокурордун  мыйзам долбоорун демилгелөө функциясы жок, ошондуктан мен айрым мыйзам долбоорлорун, мисалы, ошол эле коррупцияга каршы күрөш жана башкалар боюнча мыйзам долбоорлорун депутаттар аркылуу сунуштачумун. Кыскасы, жумушчу мамиле. Ошого карабай Атамбаевде биздин жакын мамиле тууралу пикир түзүлдү. Текебаев менен менин мамилем тууралу анын элестетүүсүнөн улам мындай финал болушу айдан ачык эле…

Кыргызчалаган: Кyrgyztoday.кg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу