Аида Салянова, экс-генпрокурор: “Ахматбек Келдибековго каршы кылмыш ишин мен өз демилгем менен козгогом, Атамбаев ал ишти жактырганын же колдогонун билдирген эмес”

Экс-генпрокурор Аида Салянованын журналист Бермет Букашевага берген интервюсунун айрым урунттуу учурларын жарыялайбыз:

Аида Салянова: Байлыгы жана тааныштары көп адамды, бардык көйгөйлөрүн акча жана тааныш аркылуу коррупциялык жол менен чечүүгө көнүп калган адамды кылмыш жоопкерчилигине тартуу өтө кыйынга турат.  Андай адамдар президенттин колдоосун жакшы сезип байкашат жана иштин жүрүшүнө тоскоолдук кыла баштайт.  Мага Атамбаев тигил же бул ишти жап же токтот деп эч качан айткан эмес. Бирок кайсы бир ишти анын колдоп жеп жактырбай жатканын сезип турчумун. Мисалы Ахматбек Келдибековго каршы кылмыш ишин козгогонумда мен Атамбаевдин жактырганын же колдоосун сезген жокмун.

Бермет Букашева: Сиз ушундай олуттуу жана чуулгандуу кылмыш иштерин өз демилгеңиз менен эле козгодуңуз беле?

Аида Салянова: Ооба, мен бул кылмыш иштерин өзүм эле козгогомун. Менин ишмердүүлүгүмдүн алгачкы жылдарында кайсы бир саясатчыга козгогон  кылмыш иштерим боюнча президенттин жана анын аппараты тарабынан  кандайдыр бир басымдарды сезбегем. Кимдир бирөөлөргө кылмыш ишин козгоо же токтотуу, жабуу боюнча алар тараптан буйруктар болгон эмес. Кийин менин карьерамдын аяктап бараткан кезинде менин мындай өз алдынчалыгым, көз карандысыздыгым бийликке жакпай калды жана мага каршы бийлик тараптан дискредитациялоо башталды. Анын артында Атамбаев турганын мен билип калдым.

Кыргызчалаган Кyrgyztoday.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу